http://www.ktrk.kg/800 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт

800 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт

15 Апр , 15:19 539

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чет мамлекеттерден келе албай  жаткан кыргызстандыктарды алып келүү зарыл. Деген менен дүйнөдө болгон кырдаал  бул иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк бербейт. Азыркы мезгилде 4000ден ашуун жаран  мекенге келбей турууга аргасыз. Мындай маалыматтар 14-апрелде парламентте  комитеттердин биргелешкен жыйынында айтылды. 

Депутаттар орун алгай көйгөй, айрыкча Россия менен Түркияда катталып жатканын билдирип, жок дегенде аларды өзү турган өлкөсүндө каражат жагынан, же тамак-аш менен камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти. Ошону менен бирге чартердик рейстер уюштурулушу керек деп эсептешет эл өкүлдөрү. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө 800 000ден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт. Басымдуу бөлүгү Россия, Казакстанда. Түркия менен Түштүк Корея андан кийинки орунда. Дүйнөнүн башка мамлекеттеринен дагы кыргызстандыктарды кездештирбей койбойт. Бүгүнкүнүн көйгөйү ал жарандардын мекенине кайта албай жатканында болууда. Депутаттардын талабы мекендештерди өлкөгө алып келүүгө багытталды.

Депутат Төрөбай Зулпукаровдун сунушун колдогон эл өкүлү Жылдыз Мусабекова ушундай эле көрүнүш Түркияда катталып жатат,- дейт. Маселе көтөрүлүп келаткандыгына бир катар убакыт өттү, бирок тиешелүү жооп берилбей жатканына нааразылык артты Мусабекова.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов бүгүнкү күндө чет элдик авикомпаниялар менен макулдашуулар сүйлөшүү жүргүзүү аркылуу гана болуп жатканын айтат. Анын айтуусунда, буга чейин Түркиядан эки каттам боюнча келишим түзүлүп, бирок Пегасус компаниясынын экипажы баш тарткан. Сүйлөшүүлөр кыйын болуп жатат деп билдиргени депутат Исхак Пирматов менен Каныбек Иманалиевди канааттандырган жок.

Эл өкүлү Каныбек Иманалиев кошумчалагандай, өлкөдө иштеп жаткан айрым өндүрүшкө караганда, мекендештердин экономикага кошкон салымы чоң. Бул жагы эске алынышы керек.

Өкмөт өз жарандарын сыртта калтырбайт. Бирок учур маселесин чечүүгө дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде чек ара жабылып, сырткы жана ички каттамдардын токтотулушунан улам көпчүлүк авиа компаниялар даабай турат. Коңшу мамлекеттер чек арасын ачууга караманча каршы. Деген менен өкмөт бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даяр.

Маалыматтарга караганда, өзгөчө абал киргенден бери Бишкекке 17, Ошко 11 чартердик рейс аткарылып, 5000ден ашык жаран алынып келинген. Азыркы тапта чет өлкөлөрдөн 4371 Кыргызстандын жараны мекенине келүү үчүн жардам сурап кайрылган.

Бирок, алардын саны күн санап өсүүдө.

Гүлжан Каражанова,  "Биринчи радио"

Новости по дате