http://www.ktrk.kg/Кыргызстандык 6 окуучу эл аралык онлайн олимпиадага ийгиликтүү катышты

Кыргызстандык 6 окуучу эл аралык онлайн олимпиадага ийгиликтүү катышты

24 Апр , 14:41 1557

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык алты окуучу информатика боюнча эл аралык онлайн олимпиадага катышты. Алты окуучунун ичинен Ислам Давлетов эң мыкты жыйынтыкты көрсөтүп, жогорку чек делген 400 упайдан 314 упай алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Сингапурда өтүүчү информатика боюнча эл аралык олимпиаданын уюштуруу комитети коронавируска байланыштуу иш чаранын белгисиз мөөнөткө жылдырган. Буга байланыштуу сынак онлайн өткөрүлүп, бейформал таймаш катары жалпы жыйынтык чыгарылган жок.

Кыргызстандан катышуучулардын тизмеси:

  • Ислам Давлетов
  • Шабдан Батыркулов
  • Омурбек Джамалов
  • Артур Айдаров
  • Марат  Алмазбеков                
  • Данияр Бейшекеев

Сынакка 41 өлкөнүн окуучулары катышты.


Новости по дате