http://www.ktrk.kg/Жогорку Кеңеште өтпөй калган мыйзамга карата нааразычылык

Жогорку Кеңеште өтпөй калган мыйзамга карата нааразычылык

31 Май 2016 , 3:59 2736

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жашы жете элек кыздар менен үй-бүлө курууга тыюу салган мыйзам долбооруна добуш берүү мыйзам бузуу менен коштолгон. Мындай пикирлерин кечээ бир нече жарандык коомдун өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти. Алар эрте нике - көп көйгөйгө жол ачып жатканын айтышып, мыйзам долбоорун кайрадан добушка салуу талабын коюшууда. 

Жарандык коомдун өкүлдөрү маалымат жыйынды чакан нааразылык өнөктүгү катары сыпатташты. Эл өкүлдөрүнүн кадамына каршы жазууларды кеңсе ичине жайгаштырышкан. Маселе - жашы жете элек кыздар менен үй-бүлө курууга тыюу салган мыйзамдын Жогорку Кеңеште өтпөй калганында болуп жатат. Жарандык активисттер депутаттарды өлкөдөгү чоң бир көйгөйдөн жүз бурду деп айыпташууда.


Мыйзамдын долбоорун Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев баштаган бир нече депутат иштеп чыккан. Ага ылайык, жашы жете элек кыздардын никесине себепчи болгон бардык жактарды кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартуу каралган. Маселен ата-эне, дин кызматкерлери же ала качып кеткен тарап. Анткени эрте никеге туруу эне-баланын өлүмүн көбөйтүп, кыздардын толук кандуу билим алуусуна тоскоолдук жаратып, көп ажырашуулар, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка алып келип жатканын айтышат.

Кыргызстанда учурда 60 миңден ашык кыздар 18 жашка чейин турмуш кургандар. Маселенин бир беткей чечилбей жатканы - көп учурда мыйзам бузуулар боюнча ата-энелер арыз менен кайрылышпайт. Депутат Наталья Никитенко мыйзам добушка коюлганга чейин эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуп келгенин айтты. Бирок, добуш берүүнүн жыйынтыгы аны да абдан таң калтырган.

Жарандык активисттер да "Эл өкүлдөрү мыйзам долбооруна бири-бири үчүн добуш берген, регламент так сакталган эмес" деп, мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүү талабын коюшууда. Депутаттар мындай дооматтарды четке кагышты.

Мыйзам долбоору 26-майда 61 депутат каршы добуш берип өтпөй калган. Эгер маселени парламенттин Этика комитети караса, кайра добуш берүүгө киргизсе болот. Ал эми демилге көтөрүлбөсө - бул маселеге кайра кайтып келүүнүн башка жолдору жок. 




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118



Новости по дате