http://www.ktrk.kg/Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу менен ишкерликти жандандыруу маселеси көтөрүлдү

Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу менен ишкерликти жандандыруу маселеси көтөрүлдү

29 Апр , 10:34 510

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эпидемиологиялык кырдаал олуттуу экендигин эске алуу менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылды. Бүгүн өлкө башчынын төрагалыгы астында, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны өтүп, анда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Президент аталган аймактарда өзгөчө абал тартибин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы отурумунда өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралды. Аны менен бирге өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу маселеси көтөрүлдү.



Новости по дате