http://www.ktrk.kg/Коронавирусту дагы 26 адам жуктуруп алды

Коронавирусту дагы 26 адам жуктуруп алды

3 Май , 13:43 308

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST#RIGHTКыргызстанда 37 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Ошондо өлкө боюнча 564 бейтап таажы тумоосунан сакайып кетти. Ал эми 3-майга карата 26 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ушуну менен өлкө боюнча КОВИД-19 илдети менен ооругандардын саны 795 кишиге жетти. Жаңы катталган 26 учурдун ичинен Бишкек шаарында 14, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 9 жана Баткен облусунда 1 адам катталды. Ушул тапта стационардык дарылоодо 221 адам жатат. Алардын 11нин акыбалы оор. 4 адам жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. 42 бейтаптын абалы орто деп бааланса, 168 адамдыкы канааттандырарлык.



Новости по дате