http://www.ktrk.kg/Баткен облусунда нөшөрлүү жаан күрүч талааны жууп кетти

Баткен облусунда нөшөрлүү жаан күрүч талааны жууп кетти

14 Май , 11:53 699

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунда нөшөрлүү жаандан кийин арыктан суу ташкыны жаралып, күрүч эгилген талааны жууп кетти. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 13-майда кечинде нөшөрлөгөн жаан жааган. 

Жаркыштак айылында арыктан аккан суу ашып, 50 сотык күрүч талаасын каптаган. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Аксы райондорунда да 11-12-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетин жоюу иштери уланууда.




Новости по дате