http://www.ktrk.kg/“Эркин Тоо” гезитине 25 жыл

“Эркин Тоо” гезитине 25 жыл

31 Май 2016 , 11:16 3593

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Эркин Тоо” гезити 3-июлда 25 жылдык мааракесин белгилейт. Ага карата Улуттук китепканада 25 жыл ичинде болгон маанилүү окуялар жана редакциялык жамаат чагылдырылган сүрөт көргөзмө уюштурулуп, гезиттин башкы редакторлору тууралуу маалыматтар коюлган. 

Мындан сырткары, гезиттин алгачкы санын чыгарууга салым кошкон журналисттер менен гезиттин азыркы жамааты жыйын өткөрдү. Анда “Эркин Тоо” гетинин 25 жылдык бай тарыхы тууралуу сөз болду. 

Эске сала кетсек, “Эркин Тоо” гезити 1991-жылдын 3-июлунда жарыкка чыгып, алгачкы саны жарыяланган. Жумасына эки ирет жарык көргөн гезит учурда — Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары жана Жогорку Кеңеш кабыл алып, Президент кол койгон мыйзамдар, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн токтомдору жана башка документтер жарыяланган мамлекеттик расмий гезит.




Новости по дате