http://www.ktrk.kg/ӨКМ өлкө боюнча дезинфекциялоо иштерин улантууда

ӨКМ өлкө боюнча дезинфекциялоо иштерин улантууда

16 Май , 10:59 205

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2020-жылдын 18-мартынан 15-майга чейин Талас облусунун аймагында 41 миң 45 чарчы метр имараттын ичи, 228 миң 42 чарчы метр имарат сырты, жалпы 269 миң 87 чарчы метр аймак жана 2 млн 53 миң 390 погондук унаа жолдор залалсыздандырылган. Ушул эле аралыкта Ысык-Көл облусунун аймагында 570 миң 210 чарчы метр имараттын ичи, 1 млн 993 миң 266 чарчы метр имараттын сырты жана 1 млн 795 миң 697 погондук унаа жолдор дезинфекцияланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштерине жалпы 18 миң 707 кг хлор жана 3 миң 343 даана хлор таблеткасы колдонулган. Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана унаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.


Новости по дате