http://www.ktrk.kg/COVID-19: Нарын облусунда абал курчуду

COVID-19: Нарын облусунда абал курчуду

19 Май , 21:40 214

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус инфекциясына байланыштуу Нарын облусунда абал курчуп кетти. Бул тууралуу абалга жеринен көз салып жаткан саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди. Маалыматка ылайык, бейтаптардын көпчүлүгү медицина жана милиция кызматкерлери.

Кооптуу илдет 28-мартта катталган Нарын облусунда учурда абал туруктуу оор бойдон калууда. Ооруну жугузуп алгандардын саны күн санап өсүп, бүгүнкү күнгө карата 194кө жетти. Алгач облустун бир гана Ат-Башы районунда катталган жугуштуу илдет, учурда дубандын бардык райондорунан чыкты.

Бүгүнкү күнгө карата обсервацияда 126 адам бар, анын ичинен 42си медициналык кызматкер. 68 адам ооруканада дарыланууда. Үй карантининде 664 жаран бар. Алар менен байланышта болгондор 1 жарым миңге жакындады.

Новости по дате