http://www.ktrk.kg/Жарандык жоопкерчиликти сезели

Жарандык жоопкерчиликти сезели

19 Май , 21:46 215

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тарап жаткан инфекциядан улам борбор шаарда жана өлкө аймагындагы ири шаарларда коомдук унаалардын каттамы токтотулган. Биринчи майдан тарта экономикалык ишмердүүлүк жанданып, анын ичинде такси кызматтары да иштеп баштаган. Бирок, шаар ичинде жүргүнчү ташыгандар санитардык-карантиндик эрежелерди сактап жатышабы?

Турат Үсөнбаев пенсияга чыккандан бери ара-чолодо такси айдап шаар ичинде жүргүнчү ташыйт. Инфекция тарап, коомдук саламаттыкка коркунуч жаралгандан бери унаадагы тазалыкка өзгөчө көңүл бурууда. 

Такси айдоо менен күнүмдүк тиричиликке каржы табуу негизги максаты болгону менен, жарандык жоопкерчиликти унутта калтырбаганын айтат. Вирусту алдын алуудагы алтын эрежелерди унутпай бет кабын тагынып, унаасын улам-улам тазалап жатат. Экиден көп киши салбай жатканын белгилейт.

Дарыгерлер ушу тапта өлкөдөгү эпидемиологиялык абал ар бир жаранга жүктөлгөн жоопкерчилик дейт. Эң эле жөнөкөй эреже бет кап тагынып, өздүк гигиенаны сактоо вируска каршы негизги күрөш экенин белгилешет. Өзгөчө коомдук жайларда, дүкөндөрдө, таксиде, банк, базар жана эл көп топтолгон жердин баарында бет кап тагынып, колдон келсе кол кап кийип, өтө сак болууну эскертишет. 

Ак халатчандар вируска каршы турууда буга чейин жасалган эмгекти баалап, жарандардан санитардык-карантиндик эрежени так сактоону өтүнүшөт. Илдетти мындан ары таратып жибербөө коомдун жоопкерчилигинен көз каранды экенин айтышат. Мурда үйдө отуруу милдетибиз болсо, мындан ары өз саламаттыгыбызга өзүбүз жоопкерчилик менен мамиле кылуу милдетибиз экенин эскертишет.


Новости по дате