http://www.ktrk.kg/Туура-Суу айылында ветеринар кызматкерлердин шалакылыгынан койлор козу салууда

Туура-Суу айылында ветеринар кызматкерлердин шалакылыгынан койлор козу салууда

20 Май , 21:53 199

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоң районун Улахол айыл өкмөтүнө караштуу Туура-Суу - 2 айылынын тургундары айылдын ветеринардык кызматкерлерине нааразы болуп, Элдик репортерго көйгөйлүү маселеси менен кайрылышкан.

Туура-Суу - 2 айылында койлор козу салууда. Мунун себеби мал даргерлердин шалакылыгынан келип чыкты. Бруцеллезго каршы койлордун көзүнө даары тамчылатышкан, бирок алар өз дозасынан көп тамчылатып салышкан. Ошонун кесепетинен  60-70 тей кой козу салды. Эми бул койлорду сатканга да сойгонго да болбойт. Бул ызычуудан кийин мал дарыгерлер келип кан алышкан, бирок канды лабораторияга алып барбастан эле жок кылып коюшкан. Тийиштүү органдар ветеринардык кызматкерлердин ишин карап чыгып, чара колдонушун өтүнөбүз, - дейт автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате