http://www.ktrk.kg/Арал айылы качан таза сууга жетет?

Арал айылы качан таза сууга жетет?

20 Май , 21:53 194

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таза суу маселеси өлкөбүздүн бардык аймактарында биринчи кезекте көңүл бурулуучу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Айрыкча алыскы аймактардагы жашоочулар арыктын суусун тамак-ашка колдонуп, ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан учурлар дагы жок эмес. Дал ушул көйгөй менен "Элдик репортерго" Арал айылынын тургуну билдирүү жөнөткөн.

Анын айтымында, 

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын жашоочулары ылай аралаш сууну тундуруп ичкенге аргасыз болуудабыз. Ылай суу түтүктөргө топтолуп калып, суу чоргосунан суу эптеп эле чыгат. Кимге кайрылабыз? Ким чечип берет? - деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате