http://www.ktrk.kg/Милиция кызматкерлеринин эмгегин даңазалаган ыр сынак жарыяланды

Милиция кызматкерлеринин эмгегин даңазалаган ыр сынак жарыяланды

22 Май , 13:32 130

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ички иштер министрлиги Жазуучулар союзу менен биргеликте милициянын эмгегин, түйшүгүн жана коомдогу ордун чагылдырган чыгармалар арасында "Бир ырдын сынагы" аттуу сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, чыгармалар ушул жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынып, жыйынтыгы 7-ноябрда чыгарылат. Жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылат. 

"Кыргыз милициясы бүгүнкү күндө эл менен байланышын арттырып, коомчулук менен чогуу иш алып барууну көздөп, болгон аракетин жумшап жатат. Эл да муну түшүнүп, колдоп, жардамын аябай берип келет. Мына ушул байланышты мындан ары да кеңейтүү, өркүндөтүү максатында сынак жарыяладык. Ага катышам дегендер милициянын жагымдуу образын ачып, анын түйшүгүн, эмгегин жана коомдогу ордун көркөм чагылдырышы керек", — деп айтылат маалыматта. 

Сынакка жиберилген ыр мурда эч жерде жарыяланбаган, сынакка гана арналып жазылган чыгарма болушу шарт. Ошондой эле, катышуучулардын жаш курагы боюнча чектөөлөр жок экендиги эскертилди. Сынакка катышуунун жол-жобосу тууралуу ИИМдин сайтынан таанышууга болот.





Новости по дате