http://www.ktrk.kg/Токтоян айылынын элин түйшөлткөн жол

Токтоян айылынын элин түйшөлткөн жол

22 Май , 17:01 306

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндөгү Токтоян айылынын жолу өтө кейиштүү абалда. Бул жолду автоунаа жүрүүгө ылайыкталган жол деп айтуу кыйын.

Бул жол Түп районунан Токтоян айылына бара жаткан жол. Кейпи ушул. Бул жол менен жүргөн унаалардын тетиктери бузулуп, эки күндүн биринде оңдотууга туура келет. Оңдошпосо дагы жок дегенде сүрдүрүп койсо. Качанкыга чейин эл кыйналат?- дейт айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате