http://www.ktrk.kg/Кесипке багыттоочу сабактар аралыктан өткөрүлүүдө

Кесипке багыттоочу сабактар аралыктан өткөрүлүүдө

24 Май , 9:28 450

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүтурүүчү класстын окуучулары үчүн кесипке багыттоочу сабактар аралыктан өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. “Иш менен камсыздоого жана эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүү” аталышындагы кыргыз-герман долбоорунун пилоттук мектептеринин мугалимдери кесипке багыттоону аралыктан уюуштурууда. Бул долбоор Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылууда. 

Азыркы кырдаалга карабай, пилоттук мектептерде кесипке багытоочу иштер уланууда. Анда тогузунчу класстын окуучулары келечектеги кесибин тандоо үчүн адистик багыттар боюнча билим алып жатышат. Өлкө боюнча 8 шаардагы 24 пилоттук мектепте иштеген 17 мугалим кыргыз жана орус тилдеринде 16 видеосабак даярдады. Бул сабактар окуучуларга өзүнүн жеке жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, кесибин өз алдынча тандоого жардам берет.

Новости по дате