http://www.ktrk.kg/Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев дүйнөдөн кайтты

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев дүйнөдөн кайтты

25 Май , 11:21 156

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын эли оор жоготууга учурады. 70 жаш курагында, оорудан улам көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Мукар Чолпонбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Өрүктү айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинен «Юриспруденция» адистиги боюнча билим алып, эмгек жолун Фрунзе шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин Кыргыз транспорт прокуратурасында ага тергөөчү, Кыргыз ССРнин прокурорунун өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болуп иштеген. Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун юридикалык бөлүм башчысынын орун басары жана башчысы кызматын аркалаган. Мукар Чолпонбаев Жогорку Советтин депутаты болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот жана мыйзам чыгаруу бийлигинин байланыш боюнча бөлүм башчысы, Чүй облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. Кийин Юстиция министри, Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Төрагасы болуп шайланган.

Чолпонбаев жогорку билим берүү тармагында окутуучулук ишмердүүлүгүн улантып, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, юрист-адвокат, «Мукар жана профи» аттуу юридикалык-консалтинг компаниясынын директору болуп эмгектенген. Көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Юстициянын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси наамдары ыйгарылган. Ал дасыккан юрист катары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн, мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, өлкөнүн көз карандысыздык декларациясын жарыялоо процессине активдүү катышкан. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Конституциясын жазууга тажрыйбалуу укукчу катары да түздөн-түз катышкан. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системасынын, укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат. Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгы азасын тең бөлүшөбүз. Көрүнүктүү инсан Мукар Чолпонбаевдин жаркын элеси элибиздин, мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Жээнбеков, Отунбаева, Жумабеков, Абылгазиев, Калиева жана башкалар.


Новости по дате