http://www.ktrk.kg/Пандемия учурунда атмосферадагы көмүр кычкыл газы кыйла азайды

Пандемия учурунда атмосферадагы көмүр кычкыл газы кыйла азайды

26 Май , 9:19 767

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Future Earth" глобалдык көмүртек долбоорунун окумуштуулары жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык, коронавирус пандемиясынан улам атмосферадагы көмүр кычкыл газы кыйла азайды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Окумуштуулар атмосферага көмүртектин чыгуусунун азайышы глобалдык жылуулуктун ылдамдыгын басаңдатып, климаттык катастрофаны жайлатууга шарт түзөрүн, бирок бул натыйжа көпкө созулбай турганын белгилешкен. 

Изилдөөнүн алкагында коронавирустун дүйнөнүн 69 өлкөсүндөгү, АКШнын 50 штатындагы, Кытайдын 30 провинциясындагы жана экономиканын алты тармагындагы энергияга болгон суроо-талапка тийгизген таасирине анализ жүргүзүлгөн. 2019-жылдагы орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу 2020-жылдын апрелинен бери дүйнө боюнча көмүр кычкыл газдын атмосферага чыгуусу болжол менен 17 пайызга азайган. Айрым өлкөлөрдө бул көрсөткүч 26 пайызга чейин төмөндөгөн. 

Окумуштуулар жарандардан милдеттүү түрдө үйдө болуу талап кылынган өлкөлөрдө автоунаалардын жүрүүсү 50 пайыз, авиакаттамдар 75 пайыз азайганын аныкташкан. Ага ылайык, автоунаалардан абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү 36 пайыз, аба каттамдардыкы 60 пайызга төмөндөгөн.

Новости по дате