http://www.ktrk.kg/Пандемиянын терс кесепеттерин жеңүү

Пандемиянын терс кесепеттерин жеңүү

26 Май , 11:22 120

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Канаданын Тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маектин жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелери, эл аралык финансы институттарынын алдындагы Кыргызстандын карыздык оорчулугун жеңилдетүү маселеси талкууланды. 

Министр бул багытта көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн канадалык кесиптешине ыраазычылык билдирди. Тажрыйба алмашуу үчүн, COVID-19 менен ооругандарды дарылоого түздөн-түз тартылган эки өлкөнүн медициналык эксперттеринин ортосунда жумушчу байланыштарды орнотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. 

Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү планында, өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды диверсификациялоо, айлана-чөйрөнү коргоодо тажрыйба алмашуу, гуманитардык байланыштарды колдоого алуу жолдору каралды. Алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиги талкууланды. Министрлер эки өлкөнүн эл аралык демилгелерин дагы карап чыгышты.




Новости по дате