http://www.ktrk.kg/Үй карантининин талаптарын бузган 98 адам жоопкерчиликке тартылды

Үй карантининин талаптарын бузган 98 адам жоопкерчиликке тартылды

27 Май , 21:31 156

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаалдар учурунда үй карантининин талаптарын бузган 98 адам жоопкерчиликке тартылды. Айрым жарандар үй карантинин жана санитардык эпидемиологиялык эрежелерди билбестиктен улам бузууда. Бирок, атайылап мыйзам бузууга баргандар да бар. Учурда 20 миң жаранга милиция тарабынан карантиндик талаптарды бузбоо боюнча нускамалар берилген.



Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Карантин эрежелерин, санитардык- эпидемиологиялык талаптардын аткарылышын ички иштер, саламаттык сактоо министрликтери жана жергиликтүү бийлик органдары көзомөлгө алууда. Бардык чаралар өлкө мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылууда.


Республика боюнча 65 санитардык эпидемиологиялык посттор жана 110 обсервация бөлүктөрү иштеп жатат. Ал эми үй карантининде 28 миңден ашык жаран бар. Бирок, айрым жарандар билбестиктен улам үй карантининин жана санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бузууда. Мыйзамга каршы аракеттерди атайын жасагандар да бар. Учурда 98 адам жоопкерчиликке тартылды. 




Новости по дате