http://www.ktrk.kg/Мамлекеттик мекемелер 1-июндан тартып иштеп баштайт

Мамлекеттик мекемелер 1-июндан тартып иштеп баштайт

28 Май , 10:43 401

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-июндан баштап бардык мамлекеттик мекемелер иштеп баштайт. Тиешелүү тапшырмага Өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бардык министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук администрациялардын кызматкерлери жумушка чыгат. Мындай чечим өлкөдө өзгөчө абал режими токтотулгандыгына, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнүн жандануусуна байланыштуу кабыл алынды. 

Иштеген жерине чейин коомдук транспорт менен жетүү мүмкүнчүлүгү жок кызматкерлер аралыктан иштөөнү уланта беришсе болот. Мамлекеттик органдардын жетекчилери жумушчулардын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын камсыз кылышы керек. Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкө аймагында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 

Азык-түлүк өндүргөн, саткан ишканалардан, дарыканалардан тышкары бардык ишкана-мекемелер убактылуу жумушун токтоткон. Ошондой эле бир катар мемлекеттик мекемелердин кызматкерлери аралыктан иштөөгө өткөн.

Новости по дате