http://www.ktrk.kg/Чүй облусунда кандай кооптуу суу объектилери бар?

Чүй облусунда кандай кооптуу суу объектилери бар?

28 Май , 11:10 884

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун аймагында  жалпы 399 суу объект катталган. Бардыгы 217 көлмө, сууга түшүүгө мүмкүн болгон 6 чоң канал, 17 агын суулар, 26 суу сактагыч, БСР/БДР 111, 22  бассейн бар. Суу объектилери сууга түшкөнгө ылайыкташтырылбаса да, жайкысын эс алууга максат алган жарандар дал ушул коопту жайларга барышат. Же болбосо, кокустук болуп, сууга чөгүп кеткен наристелер да бар. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө облус аймагындагы эң кооптуу делген 5 суу объектилери:

1. Чоң Чүй каналынын узундугу 145 км, туурасы 5-6 метр, тереңдиги 3 метр түзөт. Жалпы 4 жыл аралыгында, ар кандай себептер менен 25 адам сууга чөгүп каза болгон.

2. Чу дарыясы узундугу 180 км,  туурасы 6-10 м, тереңдиги 2-5 метр түзөт.  Жалпы 4 жыл аралыгында, ар кандай себептер менен 9 адам сууга чөгүп каза болгон.

3. Ала-Арча суусунун узундугу 78 км туурасы 4-7 метр, тереңдиги 0,5-1 метр түзөт. Жалпы 4 жыл аралыгында, ар кандай себептер менен 6 адам сууга чөгүп каза болгон.

4. Сокулук суусунун узундугу 87 км туурасы 4-7 метр, тереңдиги 0,5-1 метр түзөт. Жалпы 4 жыл аралыгында, ар кандай себептер менен 1 адам  сууга чөгүп каза болгон.

5. Ала-Арча суу сактагычынын янты болжол менен 5,21 км. Акырыкы 4 жыл ичинде 6 адам ар кандай себептер менен сууга чөгүп каза болгонЧүй облусунун  аймагында   2016-жылдан тартып 2020-ж. чейин 163 адам ар кандай себептер менен сууга чөгүп каза табышкан, анын ичинен: 

2016-жылы - 41 адам 35-эркек, 2-аял, 4-жаш балдар;

2017-жылы - 35-адам, 19-эркек, 3-аял, 13-жаш балдар;

2018-жылы - 38-адам 23-эркек, 6-аял, 9-жаш балдар;

2019-ж. – 46 адам, 31 – эркек, 3-аял, 6 – өспүрүм, 6 – жаш балдар.

2020-жылы жыл башынын ушул күнгө чейин 3 эркек адам  каза болгон.


Новости по дате