http://www.ktrk.kg/COVID-19: коомдук жайларда сак болуңуз

COVID-19: коомдук жайларда сак болуңуз

30 Май , 12:26 226

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Карантиндик чектөөлөр азайып, ишкерчиликтин арбын бөлүгү кайрадан иштеши менен коомдук жайларда вирусту жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү көбөйдү. Андай жерлерде вирустан сактануунун жол-жобосун медицина илимдеринин кандидаты Андрей Кондрахин "Известия" басылмасына айтып берди. Дарыгердин пикиринде, вирус жуктуруп албоо үчүн кинотеатрларда, дүкөндө бет каптан тышкары ар дайым кол кап кийип жүрүү сунушталат. 

"Кийим-кече жана башка майда-чүйдө саткан дүкөндө адамдар товарларды кармалап көрүшөт. Айрым кишилерде вирус, инфекция болушу мүмкүн. Андыктан кол кап эң керектүү нерсе. Мындан тышкары косметика дүкөндөрүндө сак болуу керек.  Мисалы, атыр саткан бутиктерде кардарлар ар кайсы жытты сынап көрүп жатканда бат-баттан, кээде терең дем алышат. Бул учурда тегеректе коронавируска чалдыккан адам болсо, сизге дагы жугары талашсыз", — деди дарыгер. 

Ал эми сулуулук салонуна мүмкүнчүлүк болсо өзүнүн аспаптарын ала баруу сунушталат. Албетте, муну бардык эле кызматкерлер жактыра бербейт, бирок алар менен алдын ала макулдашып алса болоорун дарыгер кошумчалады.






Новости по дате