http://www.ktrk.kg/Аксы районунда бир адам үчүн 31 киши карантинге алынды - Кыргызстан жаңылыктары

Аксы районунда бир адам үчүн 31 киши карантинге алынды - Кыргызстан жаңылыктары

3 Июнь , 9:29 336

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россиядан келген жаран менен байланышта болгон 31 киши Аксы районунда үй карантинине алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү онлайн-брифингде маалымдады. Нурболот Мирзахмедовдун айтымында, Россиядан маркумдун табытын алып келген жаран белгиленген эреже-талапттарды бузуп, обсервацияга чейин жарандар менен байланышкан. Анын кесепетинен 31 киши карантинге алынды. 

Бүгүнкү күндө облус боюнча жалпы 108 жаран сырттан келгендер менен байланышта болду делип, үй көзөмөлүндө турат. Ал эми 103 жаран обсервацияда жатат. Алардын көпчүлүгү чет өлкөдөн келгендер. Ушул күнгө чейин Жалал-Абад облусу боюнча коронавирус илдетин жуктурган 169 учур катталып, 156 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Азыркы күндө да дарыланып жаткандар бар.

31 жарандын үй көзөмөлгө алынганын себеби, сырттан маркумду коштоп келген жаран коюлган талапттарды так аткарбай, келген учурда машинадан чыга калып, жарандар менен байланшыка болуп койгон. Ошонун кесепетинен 31 кишини үй карантинге алып жатабыз. Мен сырттан келген жарандарды, ошондой маркум коштоп келгендерди чакырып кетет элем. Обсервацияга чейин эч ким менен байланышта болбогону аракет кылып, башканы да ойлогула. Өзүңөр түз эле обсервацияга барып, анализ чыкканга чейин эрежеге баш ийгиле. Бул биринчи кезекте өзүбүздүн, жакындарыбыздын элдин коопсуздугу”,-деди Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов.

Новости по дате