http://www.ktrk.kg/Бир сутка ичинде 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

5 Июнь , 11:22 138

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бир сутка ичинде өлкөдө алты медицина кызматкеринен коронавирус табылды. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, медиктер арасында жаңы жуктуруп алгандардын экөө Бишкектен, үчөө Нарындан, бирөө Ош шаарынан. "Бир суткада эки медик коронавирустан айыгып чыкты. Жалпысынан өлкөдө 378 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталса, алардын ичинен 272си сакайган. Айрымдары жумушка чыгып иштеп жатат", - деди Үсөнбаев.


Новости по дате