http://www.ktrk.kg/Коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 8 046 кишиге жетти

Коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 8 046 кишиге жетти

5 Июнь , 11:28 118

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 5-июнга карата 8 миң 46 адамга жетти. 

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлдө, текшерүүгө алынган. 

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 132 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Новости по дате