http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда интернет колдонуунун көлөмү 33 пайызга өстү

Кыргызстанда интернет колдонуунун көлөмү 33 пайызга өстү

5 Июнь , 13:35 250

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда интернетти колдонуунун көлөмү 33 %га өстү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев билдирди. 

Ал азыркы кырдаал биздин күнүмдүк жашообузду, арабызда болгон карым-катнашты кыйла өзгөрткөнүн айтты. “Бул чакырыктарга карабастан акыркы жылдары “Санарип Кыргызстан” концепциясынын алкагында жасалган иштер бул кырдаалдан татыктуу өтүүгө мүмкүнчүлүк берди деп ишенем. “Санарип кыргызстан” экосистемасынын эң негизги компоненти жана багыты санарип инфраструктурасы. Интернет инфратүзүмү, санарип телеберүү инфраструктурасы туруктуу иштеп берди. Аны менен бирге ал башка тармактарда дагы ийгиликтүү жана жемиштүү колдонулду. 

Интернетти пайдалануунун көлөмү жалпы республика боюнча 33 %га өстү. Мисалы, Бишкек шаарында 6 %га, Нарын облусу боюнча 64 %га, Ош шаары жана Ош облусу боюнча 33 %га өстү. Республикалык штабдын жана өкмөттүн чечимдерине ылайык биздин жеке операторлор дагы интернет берүүнү бир нече билим берүү булактарына акысыз кылды. Анын ичинде 7 окуу ресурсу акысыз интернет менен камсыз болду. Билим берүү тармагында пайдаланылган интернет ресурстардын жалпы колдонуучуларынын саны 223 %га көбөйдү. Алар жалпысынан Билим берүү министрлигинин интернет ресурстары”, - деди Дастан Догоев.

Новости по дате