http://www.ktrk.kg/Бүгүн Ысык-Көл облусунда үч жарандан коронавирус аныкталды

Бүгүн Ысык-Көл облусунда үч жарандан коронавирус аныкталды

5 Июнь , 17:13 533

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Ысык-Көл облусунда үч жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев кезектеги брифингде маалымдады. 

Бул жарандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Алар Ош облусунан келген коноктон жуктуруп алышканы маалым болду жана облустук жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Эми алар байланышта болгон дагы он бир адам аныкталып, обсервацияга алынды. Ал эми Оштон келип кеткен жаран боюнча атайын кызматтарга билдирүү берилди. 

Ошондой эле, жүргүнчүлөрдү ташууда алар жөнүндө маалымат жана бара турган дареги камтылган каттоо формасы иштелип чыкты. Мындан сырткары эс алуучу жайлар меймандарды атайын журналга каттоого алат. Ар бир кардар, бир үй-бүлө мүчөсү болбогон учурда, бөлмөгө жалгыз жайгашышы керек. Балдардын эс алуу лагерлери 25-июндан баштап тиешелүү адистер тарабынан каралып чыккандан кийин ачылат. Уруксат берүү укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген. 

Мындан сырткары мечиттерде санэпидкөзөмөл жана ӨКМ адистери дезинфекциялоо боюнча окууларды өткөрүшөт.

Новости по дате