http://www.ktrk.kg/Президент Алмазбек Атамбаев  баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды

13 Янв 2016 , 1:03 1157

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Бул тууралуу  өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Анда Президент башкы прокуратурага кылмыштуулук жана паракордукка каршы күрөшүүнүкүчөтүүнү тапшырды. Жолугушуу учурунда Жолдубаева президентти мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо органдары тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымдады. Башкы прокурор ошондой эле, башкы көзөмөл органы ишкерлердин укугун коргоп, антикоррупциялык иштерди жасап жатканын кошумчалады. Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулуктун болушу, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында жасалып жаткан аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Новости по дате