http://www.ktrk.kg/Театрлардын онлайн телефестивалы башталды - Кыргызстан жаңылыктары

Театрлардын онлайн телефестивалы башталды - Кыргызстан жаңылыктары

22 Июнь , 15:57 803

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата республикалык театрлардын онлайн телефестивалы башталды. Аталган фестивалга 14 театр катышып, Улуу Ата-Мекендик согуш темасын чагылдырган спектаклдерди тартуулашат. Бүгүн алгачкылардан болуп, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын спектакли онлайн режиминде көрсөтүлдү.


Телефестивалдын алкагында биринчилерден болуп оюн көрсөтүү бактысы Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрына буюрду. Алар Бексултан Жакиевдин “Күттүргөн жаз да келээр” аттуу драмасын сахналаштырып даярдаган спектаклди онлайн көрсөтүп, калыстар тобунун сынанан өттү.

Новости по дате