http://www.ktrk.kg/Сауд Арабиясынан Бишкекке 121 мекендешибиз келди

Сауд Арабиясынан Бишкекке 121 мекендешибиз келди

1 Июль , 13:18 391

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Сауд Арабиясынан Бишкекке 121 мекендешибиз келди, алардын көпчүлүгү окуу жайларда билим алган студенттер. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар «Flynas» авиакомпаниясынын учагы менен келишти. "Бул каттам дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча кыргыз президенти жана өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды",- деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бул каттам менен Сауд Арабиясынан Казакстандын 39 жараны дагы келди. Алар “Манас” аэропортунан атайын транспорт менен Казакстанга жеткирилди.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык жол-жободон өтүү үчүн обсервацияга алынды. Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда.


Новости по дате