http://www.ktrk.kg/Өзбекстандан жардам катары медициналык аппараттар келди

Өзбекстандан жардам катары медициналык аппараттар келди

4 Июль , 11:03 679

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстандан Кыргызстанга гуманитардык жүк келди. Кезектеги гуманитардык жүк эки өлкөнүн президенттеринин ортосунда жетишилген малулдашуулардын алкагында ишке ашты. 

Гуманитардык жүк өзүнө 50 комплект кычкылтектин мобилдик концентратын жана 100 даана инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын камтыйт. 

Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүк авиакаттам аркылуу бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен жеткирилген. Кыргыз Өкмөтү Өзбекстан Өкмөтүнө көрсөтүлгөн көмөгү үчүн жана бир тууган өзбек элине колдоо көрсөтүүсү үчүн терең ыраазычылык билдирет. 





Новости по дате