http://www.ktrk.kg/Өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу кошумча койка-орундар ачылып иштеп жатат

Өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу кошумча койка-орундар ачылып иштеп жатат

4 Июль , 11:15 465

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өпкөсү сезгенген бейтаптарды дарылоочу кошумча койка-орундар ачылып иштеп жатат. Убактылуу стационарларды вице-премьер-министри Акрам Мадумаров барып көрдү. 

Атап айтканда, өлкөнүн аймактарынан келген медициналык кызматкерлер иштей турган убактылуу стационарлар № 1- интернаттын (150 орун), «DISCOVERY» мейманканасынын (30 орун) жана Азиз жана көрүүсү начар балдар интернатынын (80 орун) базасында ачылган. 

Мындан тышкары, дарыгерлерден жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жогорку курсунун студенттеринен турган 6 тез жардам унаасы түзүлүп, чакыруулар боюнча иштеп жатышат. 

Белгилесек, өлкө аймактарынан келген медициналык кызматкерлер гигиена жана санитардык нормалардын талабын аткаруусу туралуу келишим түзүп, алардын айлык акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, төлөнүп берилет.



Новости по дате