http://www.ktrk.kg/ЖРТга катышпай калган абитуриенттерге экинчи мүмкүнчүлүк берилет

ЖРТга катышпай калган абитуриенттерге экинчи мүмкүнчүлүк берилет

4 Июль , 17:28 1063

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ар кандай себептерден улам тестке белгиленген мөөнөттө катыша албай калган абитуриенттер 13-14-июль күндөрү жалпы республикалык тестти тапшыра алышат. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, тест 13-14-июль күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. 

Тестке кайрадан каттоо 6-10-июлда Бишкек шаарында №24 мектеп-гимназиясында жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жүргүзүлөт. Кечиккен тестти 2020-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер тапшыра алат. 

Эгерде абитуриент 2020-жылы каттоодон өтүп, бирок, ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер тестке кирүү формасын, кабарлоо баракчасын, жана инсанды күбөлөндүргөн документин милдеттүү түрдө алып келиши керек. 2020-жылы жалпы республикалык тесттен четтетилген абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок. 

Бул абитуриенттерге сертификаттар Бишкек шаарындагы Билим берүү борборунун кеӊсесинен жана Ош шаарындагы шаардык билим берүү борборунан 2020-жылдын 17-июлунан кийин берилет.


Новости по дате