http://www.ktrk.kg/ Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева каза болду

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева каза болду

6 Июль , 9:41 1252

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз журналистикасына көп өмүрүн арнаган белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева каза болду.  Бул тууралуу ал эмгектенген “Азаттык” үналгысынын сайтында маалымдалды.

Улуттук университеттин журналистика бөлүмүн аяктагандан кийин, ал эмгек жолун Республикалык балдар китепканасында иштөө менен баштаган. Андан көп өтпөй кыргыз телевидениесине келип, чыныгы журналисттик кесипке өткөн.

“Азаттык” үналгысынын сайтында Бүбүкан Досалиева 62 жашында капысынан келген илдеттен улам каза болгондугу айтылат.


Новости по дате