http://www.ktrk.kg/COVID-19 өпкөдөн башка органдарды да жабыркатат

COVID-19 өпкөдөн башка органдарды да жабыркатат

14 Июль , 13:44 622

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

АКШнын Колумбия университетинин окумуштуулары коронавирус дем алуучу органдарга эле залакасын тийгизүү менен чектелбейт, мындан улам бул вирусту респиратордук оору катары гана кароого болбойт деген бүтүмүн беришти. Бул туурасында Nature Medicine журналы жазып чыкты. 

Окумуштуулар COVID-19 адамдын организимине киргенде өпкөдөн дагы башка органдарды жабыркатаары боюнча биринчи илимий иликтөөсүн чыгарды. Ага ылайык, короновирус тамырларга кан уюп, жүрөктүн иштешин бузуп, бөйрөк ооруларын козгойт. 

Мындан сырткары, илктөөнүн авторлору COVID-19 ашказан-ичеги ооруларын, гипергликемия (кандын сары суусунда глюкозанын көбөйүшү), кетоз жана неврология ооруларына себепчи болуп, көз менен териге да зыян келтирээрин белгилейт. "Мындай көрүнүштү респиратордук оорулар менен биргеликте дарылоо манилүү. Дарыгерлер COVID-19ду мультисистемалык оору катары карашы керек", — деп айткан иликтөөнүн авторлорунун бири Аакрити Купта. 

Ошондой эле америкалык адистер жогоруда белгиленген оорулар пайда болсо алдын алуу үчүн стероиддик жана антикоагулянттык препараттарды колдонуу керектигин айтат.



Новости по дате