http://www.ktrk.kg/Тоң ашуусунун ачылуусу менен Сырт өрөөнүндөгү жайытка жол ачылат - Кыргызстан жанылыктары

Тоң ашуусунун ачылуусу менен Сырт өрөөнүндөгү жайытка жол ачылат - Кыргызстан жанылыктары

29 Июль , 11:08 527

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоң районундагы Тоң ашуусу ачылууда. Бул ашуу аркылуу райондогу Төрт-Гүл, Күн-Чыгыш, Тоң жана Болот Мамбетов айыл аймактарынын малчылары алыскы Сырт өрөөнүнө малын алып чыгышат. Ашуу ачылса Тоң районунун ички жайлоолорун сактап калууга да чоң мүмкүнчүлүк пайда болот. 

Себеби алыскы жолго мал жаны менен чыга албаган малчылар аргасыздан ички жайыттарды колдонуп жатышат. Ал эми Тоңдун Сырт өрөөнүндө жайыт кенен. Азыркы тапта жолчулар ашууну ачуу жумуштарынын элүү пайызын аяктап калышты. Ашуу өтө каттаал жерде жайгашкандыктан азыр дагы ак кар көк муз басып турган жерден жумуш жүргүзүү бир топ кыйынчылык менен ишке ашууда. 

Тоң ашуусу союз маалында малчылар үчүн ачылып, алыскы Сырт өрөөнүнө жеңил чыгып кетишчү. Кийин союз тарагандан кийин бул ашуу такыр эле каралбай калган. Малчылар узак жол менен Сырт өрөөнүнө жетип, ал эми тобокелге салып бул ашуу аркылуу өткөндөр мал жанынан зыян тартчу. Өткөн жылы эки малчы мал жаны менен кар көчкү алдында калышкан. Бактыга жараша аман калышып, бирок мал жандан чоң зыянга учурашты. Жергиликтүү тургундардын айтымында ашуу ачылса бери дегенде жүз миңге жакын кой, эчки, он миңден ашык ири мүйүздүү мал Сырт өрөөнүнө коопсуз көчүп турушат.

Новости по дате