http://www.ktrk.kg/"Ислам мамлекети" менен күрөшкө Кытай кошулмакчы

"Ислам мамлекети" менен күрөшкө Кытай кошулмакчы

14 Янв 2016 , 3:20 1544

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу The Washington Times гезити, АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты. Пекин бийлигин согушкерлердин арасында кытай улутундагы жарандардын дагы болушу, кабатыр кылууда. Тактап айтканда, өлкөнүн батышын же мусулман-уйгурлар жашаган Синь Цзян провинциясын көздөй жылып бараткан “Ислам мамлекети” уюмунун бул кадамы Кытайды ойлонтууда. Бул террористтик уюмдун мүчөлөрү Кытайлык уйгурларды колуна курал алып аларга кошулууга  үндөгөн видео материалды жарыялаган. The Washington Times гезити жазып чыккандай, “Ислам мамлекети” уюмунун уйгурларга болгон бул ачык чакырыгы алгач ирет болуп жатат. Мындай уюмдар менен күрөшүүнүн жаңыча ыкмасын Кытай мамлекети декабрь айында иштеп чыкты.

Новости по дате