http://www.ktrk.kg/Мыйзамдуулуктун үстөмдүгү “ойгонгон”доордун башталышы

Мыйзамдуулуктун үстөмдүгү “ойгонгон”доордун башталышы

16 Июнь 2016 , 8:27 1059

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мыйзамдуулуктун үстөмдүгү “ойгонгон”доордун башталышы, айласы куруган “Центерра” деген атты койгон Политклиниканы ачалы. Тилекке каршы Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардагы туңгуч президент Аскар Акаев, андан кийинки Курманбек Бакиевдин доорунда алтын кенин иштетүү мүмкүнчүлүгүн өз колуна алышкан канадалык инвесторлор жакшы эле тайраңдашканын, дээрлик 10 жыл бою салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн толугу менен кутулушканын, андан соң Кыргызстандын 67% үлүшүн 16%га чейин түшүрүшкөнүн, кайра 2009-жылы бир нече гектарлаган жер тилкесин кошуп алуу менен үлүшүбүздү 33 %га көтөрүшкөнүн, айтор кыргызстандыктардын байлыгы болгон “Кумтөр” алтын кенин алар каалаагандай нукка буруп пайдаланып келишкенинен баштап макаланы Кумтөргө байланыштуу кыңыр иштерди жабуу үчүн Дастан Сарыгулов бийликти күч менен басып алууну пландаганбы? “ Центерра Монголиянын да ишенчинен чыкты, канадалыктардын амалы “кырк эшекке жүкпү”? деген темаларга бөлүнүп жазылды.

Темага үндөш башка макаладан президент Башкы прокуратурага “Кумтөрдүн” 2003-2004-жылдардагы келишимдеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү буюрганы туурасындагы маалыматты окуй аласыздар.Бул маалыматта президент калыс тергөөнү камсыз кылуунун маанисине токтолуу менен катар көрүлүп жаткан чаралаар тууралуу коомчулукту өз маалында кабардар кылып туруунун зарылдыгын белгилегени,анткени бул жазык иштер көпчүлүктүн көңүл борборунда экендиги, эң ири инвестициялык долбоор, Кыргызстандын сыймыгы делген Кумтөр тескерисинче эмне себептен эл арасында эң ири алдамчылык, эки үй бүлөлүк кландык режим үчүн жемкордук акыр жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылылыктарына саткынчылык катары кабыл алынганын адамдар билүүгө тийишэкенини белгилеген  өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин айткандары менен да кабардар болосуз.  Мындан тышкары  Политклиниканын атайын президентке кат рубрикасы мына ушул багыттагы “моралдык дообуз “Кумтөр Оперейтинг Компани”тарабынан төлөнүп берилиши керек деген аталышта Жети-Өгүз районундагы Барскоон, Тамга,Тосор, Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак айылдарынын тургундарынын 1998-жылы май айында цианид уу затынан жабыр тарткан тургундарынын атынан  жазылган каты басылды.

Политклиниканын бүгүнкү санынан Кыргызстандагы ММКларды чет элдиктер каржылабашы керекпи?деген  аталыштын алдында Кыргызстандын аймагындагы массалык маалымат каражаттарына ээлик кылуусуна тыюу салуу жана каржылоосу 20 пайыздан ашпоосу тууралуу жактырылган мыйзамдын айланасында айрым атуулдардын пикири менен сөз болот.Мыйзамдын демилгечилеринин бири Кожобек Рыспаевден адегенде бул мыйзамдын максаты, өзгөчөлүгү, пайдасы  туурасында түшүнүк алынган.  Эл өкүлү Эл аралык тажрыйбага таянып жазылганы мамлекеттин коопсуздугу негизги максат болгону, чет элдик ММКлардын ээлик кылуусу, каржылоосу 20 пайыздан ашпастыгы туурасында түшүндүрмө берген. Мыйзам долбооруна өз пикирин билдиргендердин арасында экс депутат Өмүрбек Абдрахманов, бул мыйзам Азаттыкты жабууга багытталгандай десе, серепчи Токтогул Какчекеев мыйзам ишке ашса , кызыкдар кишилер көмүскө аракеттерин жасай албай калат деген мааниде билдирсе, журналист Бейшенбек Бекешов бул маселени анчалык түшүнбөй турам деп бирок ээлери чет элдик уюмдар, элчиликтер болгон гезит журналдар бар алардын зыяны деле билинбейт, принцибинде туура эле мыйзам го деген пикирин ортого салган.

Майда маалыматтарды карай кетейин: Акматбек Келдибеков Болгарияда бизнеси бар экени аныкталды деген аталышта жубайы Аида Токтоматовага жаздырган эки фирмасы бар экени маалымдалат. Андан ары депутаттыктан кетсе дагы кызматтык үйдү бошотпогондор, УКМК тендер чыры боюнча ишти Башкы прокуратурага өткөрөрү айтылууда деген маалыматтарга күбө болосуздар.

Эми Азия Ньюсту барактайлы. Азия Ньюс Абдраимов оппозицияга аттанабы? деген суроо менен жаңы санын ачкан. Гезиттин мындай суроону койгонунун жөнү бардай. Кызыгы БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “Дастан Исламович коррупцияга аралашпаган, элдин тынчтыгын ойлогон адам” деген аталышта Дастан Сарыгуловду жактап маек курган.  Бул маегинде БШКнын төрагасынан кийин саясий кадамдары туурасында азыноолок ойлорун ортого салып кийинки шайлоодо ушул эле өзү мүчө болгон СДПК менен бара турганын башка партиялардан түшкөн сунуштардан улам билдиргени айтылат. Бул сандан Адамкуловага каршы Университет жамаатынын жаалы күчөдү дегенди, дөө чынгыздын боштондугун жердештери талап кылышууда дегенди, чүйлүктөрдүн алкоосуна арзыган губернатор Кудайбергенов деген чакан маалыматты да алгачкы бетинен окуй аласыздар. Азия бүркүмү рубрикасында Өзбекстандан Орландодогу террористтин ажырашкан аялы өзбектин кызы деген маалыматты, Казакстандан терроризм менен күрөшүү мыйзамы күчөтүлдү деген маалыматты, Кытай тараптан жазылган Трамп жана Клинтондун сурөтү менен даарат кагаздары чыгууда , Тажикстандан тажик афган чек арасында атышуу болгон маалымат менен кабардар болосуздар. Бул санга биз президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди сүйрөйбүз деген талашыта генерал лейтенант Кеңешбек Дүйшөбаев маек курган. Андан ары барактасак президентибиздин күкүймдүү сөздөрү күнү бүгүнкүдөй дирилдеп турат деп аксакалдык кебиң бүгүн Карыбай Турусбеков гезит аркылуу билдирди. Макаланын башы өз өлкөсүндө өчү бардай дөөгүрсүнгөн адам эмес, Кудайдан да коркпогон кай бир карөзгөй айым менен мырзаларыбыз кара курсак менен кур дымактарынын айынан көз көрүнөө эле эл жерине чыккынчылык кылып, кылым карыткан кыргыз элинин кадыр баркына доо кетирип бир ууч центке ар намыс абийирин сатып жатышканы өзгөчө өкүндүрөт деп башталат. Автор балалык кезинен бир элести, азыркы учурду, бардыгы салыштырылып айтылат дегенди, Азимжан Аскаров боюнча ойлорун, дүйнөдө энеден ыйык эчнерсе жок деп. Президенттин энелерге болгон урматы сыйын жана Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасулованын жоруктарын, адамзаттын келечегин ким сактап калат деп суроо коюп ар бир окуяда президенттин айткандарында калет жок экенин орошон ой толгоолору менен салыштырат. Окуп койсоңуз.

Ушул эле санда Күн ысыкта туздуу, камыр тамактар, спирт ичимдиктери зыяндуу деген аталышта  КРнын салааматтыкты сактоо министрлигини башкы кардиохирургу Калдарбек Абдармановдон  рамазан айындагы ден соолук үчүн пайдалуу кеңештерди окурмандарга  тартуулашты.

Сарыэсептен Евросоюз лаборотория куруп берүүгө даяр деген көлөмдүү маекти, Атагы таш жарган Бөрүлү туурасында, бала дүйнөсүнө олуттуу мамиле кылуу туурасында жана  чакан насыянын үстөгү эмне үчүн жогору деген макалалар менен тааныша аласыздар.

 Таалайгүл Сыдыкбекова, “Биринчи радио” 

Новости по дате