http://www.ktrk.kg/Сауд Аравия: падышадан тараган 20 миңдей ханзаадалар бар

Сауд Аравия: падышадан тараган 20 миңдей ханзаадалар бар

20 Июнь 2016 , 8:10 1604

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Француз « Atlantico » гезитинин Ролан Ломбарди «Эмне үчүн аравиялыктар өз коопсуздугун камсыз кыла албайт?» аттуу макаласын жарыялады. Автордун пикиринде азыркы учурда мунайдын бир барреллдин баасы 50 долларга чейин төмөндөгөнү үчүн, падышачылык оор күндөрдү башынан кечирүүдө. Сауд Аравиясында падышалыгынын бийлигинде олуттуу тирешүү байкалат. Өлкөдө болжол менен эсептегенде падышадан тараган 20 миңдей ханзаадалар бар. Анын ичинен 4 000  ханзаада мырзалар. Бир миңге жакыны чоң таасирге ээ. Келечекте алар мүмкүн Салман падыша учун коркунуч жаратат. Мунайдан түшкөн кирешелер азайгандан кийин, сауд падыша тайпасынын ичинде эски атаандаштык, карама –каршылыктар күчөйт  деп белгиледи  макаланын ээси. Мындан сырткары Сауд Аравиянын калкынын төрттөн үч бөлүгү 30 жаштан ылдый, 58 пайызы 25 жаштан төмөн. Жумушсуздук 12 пайызды жана анын ичинен 25 жаштан төмөнкүлөрдүн арасында 58 пайызын түзөт. Көпчүлүк аравиялыктар мамлекет тарабынан берилген субсидиялардын эсебинен жашайт. 5,5 миллион активдүү калк түзөт, 3 миллионго жакыны мамлекеттик кызматта иштейт. 2014 –жылы сауд бийлиги жеке жана чет элдик ишканаларга аравиялыктардын 20 пайызын милдеттүү түрдө жалдоо буйругун чыгарган. Бул милдеттеменин негизинде бюрократиянын катарын азайтууга каралган амал болчу. Бирок аравиялык адистердин квалификациясы абдан төмөн, ошондуктан эмгек рыногунда сапатсыз жумушчу күч катары каралат.

Йемендеги жана Ирактагы согушту аравия каржылоо үчүн, ай сайын корунан 30 миллиард доллар сарптаганга аргасыз. Бул кор өлкөнүн келечекте мунай түгөнгөн мезгилине негизделген, анын көлөмү 750 миллиард долларды түзөт. Дүйнөлүк валюта фондунун маалыматы боюнча Саудиялык Аравиянын кору күндөн күнгө азайууда. Мындай ылдамдуулук менен, падышачылык жогоруда айтылган сыноолорго туруштук бере албайт. Эр –Рияддын жана Анкаранын аймактагы исламчыларды араб жазында колдоо көрсөтүү долбоору, иш жүзүнө ашкан жок . Сирияда Саудиялык Аравия падышалыгы исламчы козголоңго абдан көмөк көрсөткөнү менен ойлогон максатына жеткен жок. Бул эки мамлекет өздөрүн “жолборс” сезгени менен, кагаз бетинде ой бойдон кала берди деп айыптады Ролан Ломбарди. Автордун көз карашында  азыркы убакытта Саудиялык Аравия жана Түркия Жакынкы Чыгыштагы ооруукчан өлкөлөр деп айыптады Ролан Ломбарди  өз макаласында.

Белгилүү араб тектүү Франциянын саясатчысы Рашида Дати  Евро парламенттин 12 депутаты менен биригип британиялык The Independent гезити аркылуу «Россиядан чектөөлөрдү алып салыш керек» аттуу катын жарыялады.

“Украинадагы кырдаалга байланыштуу Евробиримдик 2014 –жылы Россияга каршы бир катар чектөөлөрдү киргизген. Европа мындай чечимден кийин чоң ката кетирген, саясий жана экономикалык карым –катнаштар үзгүлтүккө учурады . Өзгөчө Сирия маселеси боюнча Россия менен өнөктөш боло албай жатабыз . Мындан сырткары Евробиримдикке Россиянын чалгындоо кызматтарынын жетекчилерин келишине тоскоолдук кылып. Ошол эле учурда биз Россиянын Сириядагы өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топ жөнүндөгү баалуу маалыматтыттарын алалбай жатабыз. Бирок Евробиримдиктин жана Россиянын ортосунда жалпы максаттары менен кызыкчылыктары бар. Ошондуктан биз Орусияны жазалоону унутушубуз керек деп белгилешкен Евробиримдиктин депуттары катында. Мисалы, Израиль Россия менен мамилесин жакшыртып жатат, өзүнүн коопсуздугун бекемдөө үчүн. Ошол эле маалда Израиль билет анын душманы Иран жана Россиянын ортосунда тыгыз карым катнаштары бар экенин. Израиль келечекте геосаясатында коопсуздугун камсыздоо максатында алдын ала көрө билген стратегияны колдонуп жатат. Израиль мындай кадамга баргандан кийин, анда биз эмне үчүн ушундай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбайбыз”-деген ой пикирин билдиришти Евробиримдиктин саясатчылары. 

Орус lenta.ru   интернет булагынын журналисти Ксения Мелникова «Тунис  жихадчыларга  кандай жолдор менен бөгөт коюда» аттуу макаласын жазып чыкты. Автор тунистик айрым эксперттер жана министрлер бул маселе боюнча маек курган. Бир жыл мурда Тунистин Сус шаарындагы өздөрүн «Ислам мамлекети»   деп атаган террордук тобунун согушкерлери туристтерге кол салган. Бул чабуул Жакынкы Чыгыштагы демократиянын өбөлгөсү деп эсептелген өлкөгө чоң сокку болгон. Мамлекетти парламенттик башкаруу диний баш аламандыктан сактап жатат. Батыш маалымат каражаттары Тунисти "араб жазынын алтын баласы" деп аташат. Ливия, Йемен, Сирияда жарандык согуш күчөп жатат. Египет болсо авторитардык башкарыгууга кайтып келди. Ал эми Тунис демократиянын  жеңил жол менен, президент Зин-аль-Абидин Бен Али өлкөнү 24 жыл башкарган. Аны 2011-жылы оппозиция бийликтен түшүргөн. Биринчи демократиялык шайлоодо  динчилдер жеңген. Бирок алар экономикалык көйгөйлөрдү чече албай койгондуктан, элдин нааразылыгын туудурган. Укук коргоочулар оппозицияны, светтик мамлекеттин тарапкерлерин жана исламчылардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалды түздөгөн. 2014 жылы  шайлоо  болгон. Анда биринчи  светтик  партия  «Нидаа Тунис», экинчи болуп динчилдер өткөн. Светтик саясатчы Беджи Каид ас-Себси президент болуп шайланган. Ал бийликке келгенден кийин жаңы Конституция кабыл алган. Мамлекеттин расмий  дини ислам деп  жарыяланган, ошол эле маалда өзгөргөн Конституцияда негизги мыйзамдан ыйык тексттерге шилтемелери алынган. Тунистин баардык жаарандарына динге ишенүү эркиндиги жана азчылыктардын  укуктары кепилдиги берилген. Тунисттик эксперт   Слитинин  пикиринде  жумушсуздуктун айынан жана келечек жоктугунан бул өлкөнүн жаштары экстремисттик пропагандага азгырылып Сирия менен Ирактагы террорчуларга кошулгандардын саны боюнча биринчи орунду ээлейт деп  2016 жылы - терроризмге каршы күрөшкө, туристтердин жана жаарандардын коопсуздугу үчүн  тунис өкмөтү, бюджеттен бир топ каражат бөлүнөт деп Тунистин туризм боюнча министри  Сальма Эллуми Рекик  маегинде белгилеген. Мурда  тунисттик жихадчылар Түркия аркылуу өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топко кошулуп турушкан. Бирок жакынкы убакыттан бери коңшу Ливияда согушуп жатышат. Жакын  арада Туниске каршы чабуул жасоо коркунучу туулат деп Ксения Мелникова макаласынын жыйынтыгында баса белгиледи .

Алмаз Батилов, “Биринчи радио”

Новости по дате