http://www.ktrk.kg/ММК мыйзамына киргизилүүчү толуктоолор жана максатты

ММК мыйзамына киргизилүүчү толуктоолор жана максатты

21 Июнь 2016 , 10:55 1341

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча талкуу болду. Иш чаранын соңунда сунушталган өзгөртүүлөргө каршы резолюция кабыл алынды. 

 Мыйзам долбооруна ылайык, медианы негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар гана акылуу. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарын негиздөөгө Кыргызстандын жарандары гана акылуу. Ошону менен катар чет жактан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир жылдык каржылануусундагы сырттан келүүчү капиталдын көлөмү 20% ашпоосу керек деген норма киргизүү сунушталууда.
 Кезегинде мындай талаптар сөз эркиндигине залакасын тийгизиши ыктымал деген пикирлер айтылган. Бүгүнкү иш-чарада дагы бул демилге кескин сынга алынып, журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер депутаттардан бул мыйзам долбоорун артка кайтарып, чакыртып алууну талап кылышты.
 


 Негизи Кыргызстанда массалык маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам эгемендиктин алгачкы жылдарында кабыл алынган. Ошол учурда мыйзамга маалымат мейкиндигинде коопсуздукту жөнгө салуу жаатындагы зарыл ченемдер, сөз жана маалымат таратуудагы эл аралык ченемдер киргизилбей калган. Анын бир мисалы катары чет элден каржыланып жаткан медиа уюмдар үчүн чектөөлөр жок. Талдоочулардын баамында мамлекеттин коопсуздугун, эгемендигин коргоо багытында чектөөлөр болушу керек.
 Бул тажрыйба башка мамлекеттерде эбактан бери колдонулуп келет. Казакстанды алсак, жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир жылдык каржылануусундагы сырттан келүүчү капиталдын көлөмү 20% ашпайт. АКШда жарандар телерадиоканалдардын 25% ашпаган үлүшүн көзөмөлдөй алышат.
 Айта кетсек, 13-июнда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети мыйзам долбоордун концепциясын кабыл алган. Эми бул маселе жалпы жыйында талкууланат.


Новости по дате