http://www.ktrk.kg/Бишкекте адистер акысыз юридикалык кызмат көрсөтүп жатат

Бишкекте адистер акысыз юридикалык кызмат көрсөтүп жатат

23 Июнь 2016 , 13:19 2935

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Юстиция министрлиги жер-жерлерде “Укугуңду бил!” деген аталыштагы акция өткөрүп жатат. Иш-чара бүгүн Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда башталды. Мыйзамдын ак карасын билген адистер бүтүндөй республика боюнча каалаган жарандарга акысыз юридикалык кызмат көрсөтөт.

Шурукан Дадашова юристтер акысыз кеп кеңеш берет деп угуп келген. Ал адистерге майып кызынын маселесин чечүү жолдорун сурап кайрылды. Шурукан апа эки баласы бар кызы каттоого турган аймактан турак-жай алууга ээ боло албай атканын айтат. Алар бир нече жерге барып арыз, документтерди толтурган. Бүгүн кызынын тагдырына тынчсызданган эне акысыз жардам алды.

Укуктук жардам юристтер тарабынан жазуу жана оозеки түрүндө берилет. Жардамга муктаж адамдарга кеңеш берүү пункттары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын имараттарында жана калктуу жайларга жайгаштырылган. Бүгүн бүтүндөй өлкө аймагында министрликтин адистери калк арасында юридикалык багыттагы баардык кеңештерин берип баштады.

Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, акысыз жардамдын негизги максаты - жарандардын укугун коргоо, калктын укуктук сабатын жана маданиятын жогорулатуу менен кызматта отурган адамдар менен элдин өз ара мамилесин бекемдөө. 

Демилге алдыда белгилене турнган юристтер күнүнө карата көтөрүлгөн. Юстиция министрлигинин эмгек жамааты майрамдык кечеден баш тартып, элге акысыз жардам көрсөтүүнү туура көргөн. Акция эртең да уланат.


Новости по дате