http://www.ktrk.kg/Паспорт: улут жазылбаса кыргыз жок болот деген акылсыздык

Паспорт: улут жазылбаса кыргыз жок болот деген акылсыздык

24 Июнь 2016 , 3:18 3066

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп  нерсени үмүттөндүргөн саммит деген теманын алдында Кыргыз туусу жаңы санын  тартуулайт.Өкмөт башчы Баткен менен Ошто болгонун да кабарлайт.  Сөз эркиндиги ооздукталбайт, маалыматтык  коопсуздук камсыз кылынары туурасында да  түшүндүрмө берет. Иликтөө башталды, илинчек табылабы, деп Башкы прокуратуранын  Кумтөр долбоору боюнча макулдашууларды түзүүдөгү коррупция фактылары боюнча  кылмыш ишин иликтөөнү жаңыртканын маалымдаган ушул сыяктуу күндүн актуалдуу  темаларын алгачкы бетине жайгаштырды. Андан ары президенттин иш күндөлүгүнө да  маалыматтар коюлган. Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик кызматкерлерди КРнын  мамлекеттик кызматкер күнү менен куттуктаганы анда азыркы кезде мамлекеттик  кызматкерлердин ар биринде  жаңы  демократиялык жана бакубат Кыргызстанды курууга белсене катышуу үчүн эң сонун  мүмкүнчүлүктөр бардыгын ошондой эле алардын ар биринде элибиздин болочогу,  өлкөбүздүн тагдыры үчүн опол тоодой зор жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн  да белгилеген президенттин сөзүн бүгүнкү Кыргыз  туусу эске салды.   Гезиттин пресс бурчу  кыргыз жарандыгы аскердик милдеттен куткарабы деп Тажикстанда жашаган тажик  туугандардын аскердик кызматтан качып кыргыз паспортун алып алганы туурасында,  бийчи Атай Өмүрзаков командасы менен жаңы долбоорду каржылоо үчүн чогултулган  каражатты муктаж балдарга берүү чечимин чыгарганын фейсбук баракчасына таратканын билдирген Атай Акчадан баш тартты деген кабарды, электрондук билерик  ажылардын колуна тагылат дегенди, көп каражат коротпой көңүлдөгүдөй эс алыңыз  деп Бишкек- Балыкчы-Бишкек деген поезддин каттамын пайдаланууга чакырган маалыматты  койду. 

 

Бүгүнкү Де-Фактодон Салянованын санаасы не?, Бабанов эмнеден баш тартты, Төрөбаевдин жоосунсуз жоругу дегенди, Жунус уулу омоктуу ойлорун айтты, Акибаевдин айласы куруганда, Алимбеков созолонгондо жана Өмуркулов Атамбаевден кийинки ажобу деген саясатчылардын саясий абалынан жазылган божомолдорду окуй аласыздар. Ушул эле алгачкы бетинде ай карасаң текедей, алдап кетет жетеней деп, абайлагыла, алданбагыла деген маанилүү чакырыкка орун берди. Макаланын автору Кубат Алиев  кредит алуу үчүн кезекке туруп, шапкасын карматып, жалдырап, зорго алган күндөрдү эске салып, акыркы 10-15 жылда жеңилдеп шарттары жөнөйкөйлөштүрүп, элге жеткиликтүү болуп калды го. Бир туугандан акча карызга суроо кыйын болуп турган заманда банктардан кредит сурап жатабыз го. Анан эле ичкен кудукка түкүргүдөй болуп, кредитти кайтарбагыла, проценттин төлөбөгүлө, дегендер чыкты деп белгилеп, артынан кредиттериңерди кечиртип берем деген шылуундар көбөйгөнүн көйгөйлүү насыячыларды  коргоп чыккан айрым уюмдардын аракеттерине байланыштуу, насыячылар менен алардын коргоочуларына кайрылуу жасаган. 6 пункттан турган кайрылууда  элди чогултуп дүргүтүп жүргөндөрдүн иши мыйзамсыз экендиги айтылат. Карап койсоңуз.

Паспортко улут жазылбаса кыргыз жок болот деген жеткен акылсыздык деген теманы бүгүн Де-Факто кайрадан көтөрдү. Мындай ойду батырган Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиевдин кыргыз деген аруу сезим паспортто эмес, ар бир жарандын жүрөгүндө болушу керек деген пикири менен эле укук коргоочу Рита Карасартованын кыска жашоодо бөлүнбөйлү, паспорт темасында маңкурт болбойлу деген ойлорун жарыялады.  Манас дүйнөсүнө кызмат кылып, элден бата алуу чоң бакыт деген теманын алдында “Саякбай манасчы” Эл аралык фондунун төрагасы САмат Ибраев маек курган, ушундай эле кыска маек ЖКтин депутаты Аида Саляновадан “ар бир мыйзам коомдун зарылчылыгынан улам келип чыгат” деген аталышта алынган. Де-Фактонун бүгүнкү саны партиянын тизмеси менен келген айрымдарын шайлоочулары тааныбайт экен деп, лидерине карап добуш берип алгандар үчүн андагы депутаттардын акыркы кезде ким болуп иштеп келгенине чейин жазып, 6-чакырылыштын депутаттары кимдер деп окурмандарды кенен тааныштырды. Көз жүгүртүп алыңыз. Кыргызстан –Кумтөр чыңалуунун кийинки даражасы деген олуттуу макала бар. Учурунда таасирдүү саясатчы Кыргызалтындын  мурдакы жетекчиси Дастан Сарыгуловдун камалышы Кыргызстандын чиновниктери менен “Центерранын тирешүүсүндөгү чыңалуунун кийинки даражасы болду деп белгиленип,  жыйынытгында өлкөгө чет элдик инвесторлорду тартуу кызыкчылыгы  дагы тереңдеши мүмкүн деген ойлорду  камтыды бул макала.

Фабуланы алалы.  Кадырбаев курган көпүрө кулаганы калдыбы деген теманы койгон.  Албек Ибраимов депутат болуудан эмнеге баш тартты деген суроо менен бирге эле экинчи бир Сүйүн Өмурзаковдун корккону эмне деген суроо коюлган  маалыматка орун берген. Гезиттин оңтойсуз суроолору бул жолу каржы министринин алдыдагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысы Улан Даникеевге- тендерлерди өз билгениңиздей тейлеп келгенсизби деп, экинчи адамга же ЖКтин депутаты Азамат Арапбаевге Улуттук банкта уул-кызыңыз иштейби деп, үчүнчү суроо Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге көпүрөнүн акчасы көмүскө кетти беле деп берилди. Андан ары Танаевге издөө жарыяланганын,  кооз сүйлөгөн коркунучтуу Толкунбек Абдыгулов , Кыргызстан жебеген самсыга пул төлөбөш керек деген Русгидронун мурдагы жетекчиси Евгений Доддун кармалышы туруасындагы маалыматты коюп, Аскаров камакта калууга тийиш деп жар салды Фабула пресс бурчу. Мамлекеттүлүгүбүздүн күч кубаты биримдикте деп эгемен өлкө болгонубузга быйыл 25 жыл толот деп КРнын Баатыры Эл жазуучусу Бексултан Жакиев омоктуу ойлору менен бүгүн кенен бөлүштү. Мамлекетибиздин тагдырына кайдигер эмесмин деген жарандар сөзсүз бул макалага көз жүгүртөт деген ойдобуз. Мындан тышкары Фабуладан Манас айтуу кыргыз элине гана ыроологон керемет деген көлөмдүү макаланы , ЖК эс алууга алдында турат. Парламенттин ушул кезге чейинки ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз дегенге  пикирлерди, орозодо ооз ачырып сооп табабыз деген кеңешти окуй аласыздар

Жаңы Агым бүгүн окурмандарды тымызын иштеген диний лагерлер өспүрүмдөргө коркунуч жаратпайбы деген  кооптуу коңгуроо менен, “Көгүлтүр Ысык Көл” санаториясынын ыры менен чырын, сойкулукту кесип кылып, сөгүнгөн, догурунган, ажылдаган “түнкү көпөлөктөр” жөнүндө, россиядагы мигранттардын капчыгын каккан полицейлер жөнүндө тааныштырат. Ошондой эле бул санда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин бай манаптардай  чиренген чиновниктерге сын айтканын, бул сында чындык бар экенин айткан макалага орун берген.  

Таалайгүл Сыдыкбекова, “Биринчи  радио” 

Новости по дате