http://www.ktrk.kg/Кочкор районунда кызыл китепке кирген жаныбар - мадыл кармалды

Кочкор районунда кызыл китепке кирген жаныбар - мадыл кармалды

27 Июнь 2016 , 11:12 9696

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кочкор районунда кызыл китепке кирген жаныбар - мадыл кармалды. Ал мышыктар тукумуна кирген жырткыч айбанат. Аны балдар таап алып, алгач мышык деп ойлоп, ит менен куудуруп ойноп, алын кетирип коюшкан. Андан кийин гана Кочкордогу зоомузейге жеткирип беришкен. 

Адистердин айтымында, жаныбардын абалы ачкалыктан улам кыйындап, аз жерден өлүп кала жаздаган. Мындан улам, аны Бишкекке алып келишти. Учурда мадылды жаратылышты коргоо максатында түзүлгөн “НАБУ” уюму багууда. 

Уюмдагылардын айтымында, жаныбарды тамактандырып, күч-кубатына келгенден кийин ветеринардык текшерүүдөн өткөрүшөт. Андан кийин кайра жаратылышка коё берилет. Эскерте кетсек, кызыл китепке кирген бул жапайы жаныбардын так саны белгисиз. Ал тоолор менен токойлуу аймактарда чымчык жеп жан багат.


Новости по дате