http://www.ktrk.kg/"Сойку карыса сопу болот": Бакиевдин ооз ачырган сый тамагы

"Сойку карыса сопу болот": Бакиевдин ооз ачырган сый тамагы

28 Июнь 2016 , 4:26 5234

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Ташкент саммити Кыргызстан менен Өзбекстанды тил табыштырды деген теманы койгон Эркин Тоодон баштайлы. Бул баш макала Ташкент шаарында ШКУна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылар Кеңешинин 15-юбилейлик саммитине кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин катышып келген  иш сапарынан жазылып, андагы катышкан өлкө башчылары менен өткөргөн жолугушуулары туурасында баяндалып, соңунда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун  журналисттерге берген маегинде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара алакасында жылуу мамиле пайда болду деген билдирүүлөрү улайт. Бул биз үчүн абдан кубанычтуу деген Сапар Исаков президенттер протоколдо белгиленген 20 мүнөттүн ордуна 1 саатка жакын баарлашып, бардык маселелерди талкуулашканын андан кийин мамлекет башчылары маңдай –тескей, көзмө-көз  сүйлөшүшкөнүн экономикалык кызматташууну жандантуу тууралуу макулдашуга жетиштик деп сүрөттөгөн.

Андан ары расмий гезит премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун ушул тапта Кытайдын Тяньцзинь шаарында ачылган Бүткүл Дүйнөлүк “Жайкы Давос 2016”экономикалык форумуна катышып жатканын кабарлайт. Бул кабар же премьер-министрдин иш сапары Кытай Кыргызстандан айыл чарба азыктарын импорттоого кызыкдар деген аталышта орун алган макалада уланат. Буга чейин премьер-министрдин Баткен жана Ош областарына болгон иш сапарынан да даярдалган Баткен облусунда чечүүнү талап кылган көп маселелер бар деген аталыштагы  макалага да орун берилген.Эркин Тоонун бүгүнкү саны Эркин Тоо гезитинин үчүнчү редактору болуп иштеген жазуучу, журналист Эсенбай Калдаровду эскерген маданияттын мыкты кызматкери Айша Алиеванын Эсенбай Калдаров төрүбүздө болбойт беле, чиркин деген макаласын басты.Андан ары Кыргызстанды кыйырга тааныткандар  же кыргыз туусун желбиреткендер жөнүндө  жазды жана гезит Кыргыз гидрометериология борборуна 90 жыл толгонун эске салат. Тарых табылгалар жана фактылар рубрикасы Ала Тоолук манаптардын патриоттук агартуучулук ишмердиктери деген аталышта Кочкор районунун Кайып Темиров атындагы  орто мектебинин мугалими Сталбек Осмоналиевдин макаласын жайгаштырган. Автор профессор Советбек Байгазиевдин Ала Тоодогу  агартуунун тарыхынын кыскача очерки китеби боюнча ойлорун ортого салып, анда Шабдан Баатыр, Нурмолдо жана Ишенаалы Арабаев жана башкалардын  өз доорунда салган агартуучулук ишмердигин белгилейт.

 Дагы бир мамлекеттик расмий гезит Кыргыз Туусун ачалы. Аталган гезит да ШКУнун саммитинен же  президенттин иш сапарынан алынган репортаждан баштаган. Кыргызстан интеграциянын жактоочусу деген аталышта жарык көрдү. Кыргыз Туусунун пресс бурчу Бишкекте 5 миңдей адам көчөдө жашай турганын, Казакстанда учак кулаганын, бир суткада жети ирет жер силкингенин, республикада тилсиз жоо тынымсыз катталып жатканын, сибирь жарасына тынчсызданууга себеп жок экенин жазды. Андан ары орустун атактуу аскер башчысы Суворовдун акыркы курман болгон жоокер ардакталып көмүлмөйүнчө согуш бүтпөйт деген сөзү менен башталган Улуу Ата Мекендик согушта Россиянын Тверь жергесинде баатырларча курман болгон таластык жоокер Меңдеш Өмүралиевдин сөөгү 74 жылдан кийин   өз айылында жерге берилгени туурасында жазылган Баатыр жоокердин сөөгү үйүнө кайтты деген макала орун алган. Окуп койсоңуз. Дагы бир кызыктуу макала таразадан алдаганың арам деген аталышта халал түшүнүгүндөгү азыктар, же жарандардын кулагына ичегине эмне кирип жатканын билип ал деген кулак кагыш бар. Автор саясат менен колбасанын  эмнеден жасалганын билбегенибиз оң деген деген афоризм менен адал демиш болгон болгон жагдайларды түшүнүп алууга чакырат. Бир үзүмүн окуй кетели. Бүгүнкү күндө малды эттүү көрсөтүү үчүн тез семиртүүчү Кытайдын дары-дармеги колдонулары да айтылып жүрөт. 18 жылдык тажрыйбасы бар ветеринар Алымбек Аттокуров “Жылкыга, букага, семиртүүчү дары сайышгандыгын көрүп жүрөбүз. Бирок ал кытайдыкыбы же башка жактан алынып келинеби,  ага биздин тиешебиз жок.  Анын зыяндуу экенин силерге ким  айтты деп суроого толук жооп берүүдөн баш тарткан. Дегеле абдан чоң көңүл бурулуучу маселе экен деп белгиленген  бул макалага күз жүгүртүп койсоңуз.

Бүгүнкү Фабула эмнелерди жазды?  Эрегишкенден эл утпайт деген аталышта ШКУдан кийинки ойлорго орун берди. Кыргыз-өзбек мамилелеринин  жанданышындагы жакшы жышаана деп аталган макала жашы өр таянып турган Ислам Каримов менен ымалага келип, анын ырайымын жумшартып, акалап болсо дагы, чек ара маселесин чечип, анклавдарды өзүбүзгө алып, суу ресурстарын башкарууда Кыргызстан дегеле Өзбекстанга жамандыгы жоктугун түшүндүрүп, абалды жакшыртууга дипломатиялык чеберчилик менен президент Алмазбек Атамбаевдин аракет кылып жатканы көрүнүп турат деп белгилейт. Фабула пресс Албек акча табуунун жолун тапты деп унаа токтоочу жайлар 10 сомдон 100 сомго чейин болоорун айткан кабарга, Балыкчы-Корумду жолуна 1 млрд сом бөлүнөрүн, Бел- Алма кенинен ким туйтунуп жатат дегенге,  сойку карыса сопу болот деген аталышта Москвада качкын президент Курманбек Бакиевдин ооз ачырган сый тамагы туурасындагы кабарга орун берди. Андан ары барактасак, паспорттун улут графасы саясатпы, же чындап кыянатпы деген талашка түшкөн маселеде сөз кылган макала бар. Бул макала улут деген кагазда эмес, жүрөктө болгону жетиштүүбү? Графанын кимге зыяны бар? кыянатчылык болушу мүмкүнбү деген майда темаларга бөлүнүп жазылды. Автор макаланын соңунда Тайырбек Сарпашев айтмакчы  бул маселени саясий эрктүүлүк менен эле ордунда калтырган оң.  Аны жалпы элдик добуш берүүгө алып чыгып да кажети жок. Анда эле референдум ансыз да араң турган казынанын бир капшытын аңтарып, ортодо миллиондогон сомдор эптүүлөрдүн эки чөнтөгүнө түшүп, өкмөт Кудай мындай бербеспи деп референдум менен гана алек болуп, дагы кемелибизден кетип отуралыбы? Дүйнө эли шылдың кылат го, улуттун кереги барбы же жокпу деп добуш берип отурсак, -деп белгилейт.

Бүгүнкү Фабула Жарамазан айтсаң бузбай айт деген макалага орун берди. Окуп койсо ашыкча болбос. Ошондой эле азыркы замандын көйгөйлөрүн жазып жатам деген карыя калемгер Асек Урманбетовдун маеги да бар. Өнөр адамдары жайкы эс алууларын кайда өткөрүшөрүнө кызыксаңыз бүгүнкү Фабулага баш багыңыз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, “Биринчи радио”   

Новости по дате