http://www.ktrk.kg/Кылычбек Арпачиев 14 жылга кесилди

Кылычбек Арпачиев 14 жылга кесилди

28 Июнь 2016 , 4:46 5504

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 2016-жылдын 28-июнунда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ачык соттук отурумунда Кылычбек Арпачиевге карата жазык ишин карады. Бул боюнча Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, соттун өкүмү менен Арпачиев Кылычбек Илиязович кылмыш жана жаза кодексинин "опузалап, пара талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркиндигинен ажыратылып, 3 жылга Башкы прокуратура системасында иш жүргүзүү укугунан ажыратылды. Мындан тышкары жазасын күчөтүлгөн шарттамдагы түзөтүү абагында өтөөсү белгиленди.

К.  Арпачиевдин иш бөлмөсүндөгү тинтүү учурунда табылган 30 000 АКШ доллары мамлекеттин эсебине конфискацияланды.

 


 

Новости по дате