http://www.ktrk.kg/ММК тууралу мыйзамга каршы пикирлер жаралды

ММК тууралу мыйзамга каршы пикирлер жаралды

28 Июнь 2016 , 16:14 1413

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү "Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилишине каршы пикирин билдирип чыкты. Алардын айтымында, көптөгөн журналисттик уюмдардын бар экенине карабай алардын катышы жок эле мындай демилгенин көтөрүлүшү мыйзамга туура келбейт. Сөз эркиндигине залакасын тийгизиши ыктымал,-деген пикирди айткан маалымат жыйынынын катышуучулары - эгер медиа өкүлдөрү аша чаап кетип жатса мыйзамдын негизинде тартипке салып койсо болот деп кошумчалашты.

“Бир топ кыргыз тилдүү гезиттер Бишкекте жайгашкан эл аралык ар кандай уюмдардан, ар кандай өлкөлөрдүн элчиликтеринен ар кандай гранттарды жазып долбоорлор менен иштеп келе жатат. Эгерде бул мыйзам кабыл алынып калса сөзсүз түрдө бизге дагы басма сөз каражаттарга да гезиттерге да мунун зыяны түздөн түз тиет. Ошон үчүн мен жергиликтүү басма сөз каражаттарынын атынан айтат элем биз буга каршыбыз. Бул кабыл алынбашы керек”, - дейт  “Жаңы агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаева.

 Эскерте кетсек, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда колдоп берди. Демилгечи депутаттардын бири Кожобек Рыспаевдин баамында, аталган мыйзам долбоору биринчи кезекте улуттун кызыкчылыгын коргоону көздөйт. Бул тажрыйба башка мамлекеттерде эбактан бери колдонулуп келет. Казакстанды алсак, жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир жылдык каржылануусундагы сырттан келүүчү капиталдын көлөмү 20 пайыздан ашпайт. АКШда жарандар телерадиоканалдардын 25 пайыздан ашпаган үлүшүн көзөмөлдөй алышат. Ошондой эле Франция, Бразилия, Индия, Австралия өңдүү мамлекеттер бул чектөөлөрдү бир канча жылдан бери колдонуп келүүдө.
“Бул мыйзам жөн эле чыккан жок, эл аралык нормаларга такап чыккан мыйзам. 1-концепциясында бүт ММК кирген радио, теле, жана газеталар. Бирок көп пикирлер, тартыштар болуп, бөлүнүп кетти. Анткени көп тармакка тиешелүү болуп калыптыр. Негизи бул мыйзам долбоору улуттук коопсуздукка шек келтирбесин деген багытта жазылган” - деп билдирди К. Рыспаев.
 Ошентсе дагы демилгечилер экинчи окууда, сунушталып жаткан мыйзам долбоорго алымча-кошумчасы менен келээрин жарыялап чыгышты. Ага ылайык мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражатын уюштурууда анын 65 пайызына Кыргызстандын жарандары, 35 пайыз үлүшүнө чет элдик жарандар ээлик кылат деп сунушталууда. Ал эми маалымат агенттиктери мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаты катары саналбагандыктан долбоордон алынып салынат. Демек бул мыйзам долбоору бир гана телеканалдарга тиешелүү.


Новости по дате