http://www.ktrk.kg/"Азия news": КРнын тарахындагы эң коркок парламент келгенине күбө болдук

"Азия news": КРнын тарахындагы эң коркок парламент келгенине күбө болдук

30 Июнь 2016 , 4:43 1406

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

«Сооронбай Жээнбековду уят кылган ким”?-деген суроо менен бүгүн “Политклиника” жаңы санын ачты. Президентке кат рубрикасы өткөн санда “Уулум жанын жөн жерден кыйган жок. Ал окуяга кесиптешинин тиешеси бар” деген кайрылууга Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жиберген жообун басты.  Бул жооп “Аталган жагдай боюнча ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы жана прокуратура органдары өз бааларын беришкен” деген аталышта орун алып, анда мурдагы катта аты аталган Бишкек шаарынын Свердлов районунун №11милиция бөлүмүндө иштеп кеткен Тынчтыкбек Ахматалиев иштен бошонгон 98-күндөн кийин өзүнүн жанын кыйганын, анын себеби милицияда иштеген күндөрүндө тиешеси бар экендиги аныкталбагандыгы баяндалат.

 Гезиттин майда маалыматтары бүгүн Жеңиш Разаков вице-премьер министр болуп дайындалганы туурасында, депутат Галина Скрипкина ЖК менен коштошкону туурасында, экс-прокурор Мамакеев 12 жылга соттолгону, Кылычбек Арпачиев 14 жылга кесилгени, Самаковдун сотунда күбөлөр суралып жатканы туурасында Эрдоган менен Путиндин телефондогу сүйлөшүүсүн жана Евробиримдиктин саммити Британиясыз өтүп жатканы туурасында жазылды.

Стамбул аэропортунда жардыруу болуп, кырктан ашык киши каза тапканы жана америкалык миллиардер Джордж Соростун Кыргызстан Атамбаевдей президенти менен сыймыктанышы керек деген билдирүүсүнөн алынды. Бул санга белгилүү серепчи Бакыт Бакетаев Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча суроолорго жооп берип, “Атамбаев референдум өткөрүп, кайра шайлоого баруу аракетин көрбөйт,ал гумандуу адам”,- деген пикири менен бөлүшкөн .Бул багыттагы пикири “Эгер шайлоого бара турган болсо, Болот Шердин Бабановго жолдогон огун мага алып келгиле”- деген аталышта орун алган.

Бул санда ЖКтин депутаты Мээрбек Мискенбаевдин “Кыргыз Көмүр”ишканасындагы коррупциялык иштер боюнча акырына чейин күрөшөм” деген билдирүүсүн тема кылган макала орун алган. Жогоруда белгилегендей алгачкы эле бетинде тема кылып Элвира Сриева менен Гүлмира Кудайбердиеванын сүрөтү коюлган Сооронбай Жээнбековду уят кылган ким деген суроого  гезиттин алтынчы бетинде орун алган “Аппаратчиктердин кооптуу оюндары” деген макала жооп издеген. Анда негизги ой Кыргыз Медициналык Академиясынын мурдагы ректору Ашыраалы Зурдиновдун тегерегинде болуп,  иштен алынышы мыйзамсыз болду деп сыпатталат.

Кызыктуу дагы бир “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси тергөөдө эмнелерди айтып бериши керек эле- деп аталган Knews.kg сайтынан которулуп басылган   макала да бар. Ал Леонардо Хоменюкка жооп бериши керек,Бирштейнге жооп бериш керек, Жер үйдүн сатылышы жана компанияны банкрот кылуу боюнча жооп берсе деген суроолору да так бөлүнүп жазылат жана мурдагы жетекчини шектүү деп атоого негиз болгон аргументтер келтирилген. Көз жүгүртүп койсоңуз.

Бүгүнкү “Азия  Ньюстан” Кыргызстандын тарахындагы эң коркок, чабал парламент келгенине күбө болдук деген аталышта эки айлык эмгек эргүүсүнө кетип жаткан ЖКтин алтынчы чакырылышынын ушул убакытка чейинки иштерине  баа берген пикирлер топтолгон. Мисалы коомдук ишмер Осунбек Жамансариев азыркы ЖК салыштырмалуу жаштык кылгандай бирок эмгек өргүүсүнөн чыккандан кийин  жаңы күч менен алдыңкы 4 жылда жакшы иштерин көрсөтүшөт деген ишеним артса, “Кыргыз Ата” партиясынын лидери Төлөгөн Келдибаев уурулук жолдор менен олигарх болгондордон куралган парламентти эл сыйлабайт десе, медиа эксперт Досалы Эсеналиев бир жагынан алсак, ушул кыска мөөнөттүн ичинде бир топ иштерди өтөдү, айркыча парламент депутаттардын артыкчылыктарынан баш тартууда чоң үлгү көрсөтө алды деген баасын берген.

Салмагың кандай саясатчы? деген гезиттин иликтөөсү менен алдыңкы сапка Иса Өмуркулов, андан кийин Аликбек Жекшенкулов, кийинки сапка Канат Исаев илинген. Бүгүнкү санга да карыянын кебине орун берилген. Ардагер Карыбай Турусбеков бул жолку макаласын “Дененин кири кетет, ал эми ички дүйнөнүн кири эч качан кетпейт деген аталыштагы ой толгоолору  менен бөлүшкөн.

“Сараэсеп” гезитине кезек берели. Кара Кече-көмүрдүн кени, жемкордун жеми деген теманы коюшкан.  Бул темада жазылган баш макала гезиттин бешинчи бетинде орун алган. 2010-жылы Бакиев бийлиги кулагандан кийин  Кара Кече көмүр кени  “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына өткөн. Кендин ишин жолго коюуда башкаруунун алсыздыгыбы, же туура эмес жүргүзгөн кадр саясатыбы, айтор, көп жылдан бери Кыргызстандагы кара алтындын эң чоң кору бар деген Кара Кече көмүр кенинин тегерегинде чатактын ырбаганы ырбаган деп башталып, ЖКтин депутаты Мээрбек Мискенбаевдин 35 млн сом кайда дегени, акипрессте өткөн жыйын жана жетекчиликке жакпай калдым деген майда темалар менен баяндалды. Ушул эле бетте ЦУМ: ооматы келген ортомчулар, айласы кеткен сатуучулар деген аталышта “Айчүрөк”   соода түйүнүнүн азыркы абалынан кабар кылган макала бар. Кыргызстандагы маанилүү делип, тарыхый жай катары калыптанып калган ЦУМ асыресе анын эң алдыңкы кабаты бүгүн сүйүнтөрлүк эмес абалда деп айтылат.. Кардарларды имараттагы температуранын жогорулугу кейитсе, сатуучулардын ысыктан мурун андагы ижара баасынын кымбаттыгы кыйнап жатканы туурасында жазылат.

Бүгүнкү “Сарыэсеп” гезитинен “Камеко” туурасында маалымат бар. Ал “Камеко” өз мамлекетин да алдап жүрүптүр деген аталышта орун алган. Бул маалыматта Канаданын салык агенствосу менен Камеконун ортосундагы талаш тартыш бар экени, ал 2008-жылы башталганы, дүйнөдөгү урандын 18 пайызын өндүргөн компания Швейцарияда өзүнүн дагы бир кичи компаниясын негиздеп жибергенин, Камеконун бул филиалы өндүрүмгө жогорку бааларды коюп, кирешелр тууралуу маалыматты Канадага эмес, Щвейцарияга көрсөтүп жүрүшкөнү,  мунун өзү канада бийлигинин айтымында мыйзамсыз деп сыпатталып жатканы кабарланат. Камеконун шектүү иштери туурасында  таанышып алыңыз.

Таалайгүл Сыдыкбекова, “Биринчи радио”


Новости по дате