http://www.ktrk.kg/Басма сөз: Горбачев арактан жеңилсе, Курманкулов сойкуларды жеңеби?

Басма сөз: Горбачев арактан жеңилсе, Курманкулов сойкуларды жеңеби?

1 Июль 2016 , 6:00 1541

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

“Ант берип, ишке киришти” деп жар салган “Кыргыз Туусунан” баштайлы. Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өткөн өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн  ант берген аземи туурасында жазылган бул маалыматтан өкмөттүн жаңыланган курамы менен тааныша аласыздар. Бул маалыматтын алдында Сталин жетишпей турат деп айыл чарба жаатында кенен сөздүн болушу алдын ала жарыяланат. Мындай аталыш же айыл чарбасын кантип өнүктүрө алабыз деген реформадан сөз кылган макаланы гезиттин 10-бетинен окуй аласыздар. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Тяньцзинь шаарынын мэри Хуан Сингуо менен жолугушкан учурунда тартылган сүрөт менен жайгаштырылган макалада да дал ушул кытайлык мэрдин “Сиздерде мыкты айыл чарба продукциялары анын ичинде таттуу мөмө жемиштер бар. Биз Кыргызстандан айыл чарба продукциясын ташуу боюнча кызматташууну жөнгө салууга даярбыз”,-  деп белгилегени жазылат. Президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтар Бишкек качан жашыл шаарга айланат, деп Бишкек мэри Албек Ибраимовду кабыл алган күндү жана Кырсык күтүүсүз келет деп өлкө прездиенти Алмазбек Атамбаевдин Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга Стамбул шаарынын “Ата Түрк” аба майданында террордук актынын айынан адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтканы кабарланат.  “Кыргыз Туусу” пресс бурчу “Кара-Кече” токтоп турса, кышында көмүр тартыш болбойбу”?-деген маалыматка, “Горбачев арактан жеңилди эле, Курманкулов  сойкуларды жеңеби”?-дегенге, “Экстремизмдин жамынчысы динби буга улай эле салттуу дин элдик салтка каршы келбейт”, “Салыктан карыз жарым миллиарддан ашты” деген маалыматка орун берген. Бул сандан “Талгарбеков менен менин саясатта жолум такыр башка”,- деп ЖКтин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин маегин, гуманист адис 80 жашта деп “Чыныгы хирург көп жылда калыптанат” деген аталышта Эрнст Акрамовдун маегин окуй аласыздар.

“Кылым карыткан бүр күн же Айтматовсуз сегиз жыл” деген аталышта Болотбек Таштаналиевдин макаласы бар, көз жүгүртүп койсоңуз.

“Аюу октон эмес, таштан өлгөн” деген аталышта “Фабула” жарык көрдү. Бул тема гезиттин кийинки бетинде Рустамов аюуга күйбөсө, башка ким деген аталышта уланат. Макалада ушул жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кашка Суу айылында кызыл китепке кирген аюу атылганын, мындай көрүнүштөргө айлана- чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов салкын мамиле жасап жатканы жазылып, оркоюп көрүнүп турган коррупциялык мамилелерге чекит коюп, мыйзамсыз жаныбарды аткандарга жаза берүүгө жан үрөбөйбү- деп белгиленет.

“Фабуланын” оңтойсуз суроолору өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго чек аранын чечилээрине кепилдигиңиз барбы деп, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевге шаар бийлигин көзөмөлгө алган адам катары барандуу иштерди жасай албай жатканын белгилеп шаарга күйөсүзбү? жана ЖКтин депутаты Аскарбек Шадиевге өткөндү унутуп каласызбы деген таризде жолдонгон.

“Эс алуунун алдында эскерме” деп эки беттен турган макала ЖКтин ушул кезге чейинки жасаган иштерине баа берген пикирлерге орун берген. Булбулдары көп, балыктары жетиштүү, чочугандары арбын парламент деп сыпаттаган макалага да көз жүгүртүңүз. Кимдер булбулдар, кимдер балыктар жана башкаларын бүгүнкү сандан билип аласыз.Теманы улаган алтынчы чакырылышка жаңы келген депутаттардын кимиси активдүүлүгүн көрсөтө алды деген аталышта бар. Алардын аттарын атай кетели, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Чолпон Жакупова, Садык Шер Нияз, Аида Салянованы белгилешкен.  Андан ары “Эркебаевдин эссиз эркелиги” деген макала орун алып, анда ыргылжың иштери менен алкым кесепетинен айрым ачылыштарга сөз сүйлөп берүүгө же ачылышын ачып берүүгө жарабай калуу деген эмне шумдук деп белгиленип, илимий мекемени жетектеп жаткан ишмердүүлүгү кенен баяндалат. Майрамга карата даярдалган маектер бар. Ал анестезиолог Жамиля Чыңгышовадан маек Врач болгонума өкүнбөйм деген аталышта орун алынган. Сандан-санга уланып жаткан Нуралы Капаровдун “мен билген Салижан Жигитов”атуу макала да бар окуп койсоңуз.

“Де-факто” анонс кылган аталыштардан баштайлы.Төрөбаев эми кантип жарык шаар кылат, сырткы миграциянын агымын токтотушубуз керек,- дейт Игорь Чудинов, Бишкек шаары Азияда эң жашыл жана жашоого жайлуу болуп калышы керек деди президент, Сооронбай Жээнбеков ала таякчан сыйкырчыбы? Тайлак баатырдын тарыхын Абдылдажан казып чыкканбы?  Ысык- Көлдүн эч ким тааныбаган губернатору Аскат Акибаев деген аталышта орун алган. Окуп таанышып алыңыздар. Күндүн күрөө тамырындагы темадан сөз кылган көлөмдүү макала “Дүйнө жүзүндө паспорттогу графанын айынан жоголгон бир дагы этнос жок” деген аталышта бар. Макала мамлекеттик каттоо кызматы электрондук биометрикалык паспорттун жаңы түрүн 2017-жылдын башынан берип баштайбыз,  ал жерде жарандын өздүк маалыматтары жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы, улуту, биометрикалык маалыматтары электрондук форматка которулуп, чипте сакталарын жарыя салгандан баштап, айрымдары оюна келгенин оттоп, акылга сыйбаган нерселерди айтып кирди. Ал эми кээ бирлерге улут графасын сындоо- бул коомчулукка өзүн эскертип коюуга  жакшы шылтоо болуп  алардын учурдан пайдаланып жаткан кездери деп башталат. Автор дүйнө жүзүндө паспорттогу графанын айынан жок болгон бир дагы этнос жок экенин белгилеп, жок дегенде улуту айди картта канчанчы графада турганын карап коюшса,  ал жерде 5-графада туулган жери Кыргызстан деп жазылып турганын, бул графанын сынчыларынын дагы бир жолу жаңы паспорт тууралу түшүнүгү аз экенин аныктап турат деп баса белгилейт. Биринчиден улут паспорттон алынбай, ал болгону электрондук форматка которулуп,  паспорттогу чипте сакталарын, паспорттогу улутту алат экен,  алар кыргыздын душмандары  деп айтып жаткандарды мен Кыргызстандын душмандары деп эсептеймин деп айтып келип, бул айткандарын  дүйнө жүзүндөгү ири өлкөлөрдүн мисалында  буга байланыштуу фактылар жана аргументтери менен бекемдеген. Мындан тышкары бүгүнкү “Де-Фактодон” Маалымат коопсуздугун сактоо-мамлекеттүүлүктү сактоонун өзөгү деген эске тута  турган макаланы, Тайлак баатыр улуттук боштондук кыймылдын баштоочусу деген академик Абдылдажан Акматалиевдин сандан санга тартуулап жаткан тарых таржымалынан окуй аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкекова, “Биринчи радио”


Новости по дате