http://www.ktrk.kg/Укук коргоо түзүмү реформаланат

Укук коргоо түзүмү реформаланат

4 Июль 2016 , 11:00 2853

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Укук коргоо системасынын жаңы реформасына ылайык, прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү иши алынат. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилет. Ошол эле учурда прокуратура органдарында негизги милдети болгон Көзөмөлдөө жана кылмыш ишин козгоо функциялары калат. 

Мындай сунуштар коргоо кеңешинин бүгүнкү жыйынында айтылып, колдоо тапты. Мындагы негизги максат укук коргоо системасындагы бири бирин кайталаган кызматтарды бириктирүү болуп саналат. Мындан тышкары ишкерлик чөйрөлөрүн ар кандай себепсиз текшерүүлөрдүн арылтуу үчүн экономикалык кылмыштар менен бир эле орган күрөшүү керектиги белгиленди. 

Ал эми Ички иштер министрлигинен Коррупцияга каршы күрөшүү жана экономикалык кылмыштар боюнча кызматтарын жоюу каралып, министрликтин түзүмүн толук өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Маселен ички иштер министрлигинин курамына баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты кошуу сунушталды.



Новости по дате