http://www.ktrk.kg/Экс-чоңдорду пара алууга ким үйрөткөн?

Экс-чоңдорду пара алууга ким үйрөткөн?

5 Июль 2016 , 11:04 1190

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн жарык көргөн кыргыз гезиттери жалпы мусулман калкын ыйык Орозо Айт майрамы менен куттуктады. “Орозо өмүрдүн маңызы тууралуу ой толгоо мезгили” деген өлкө президентинин куттуктоосунан алынган  аталышта чыккан «Эркин Тоодон” баштайлы. Алгачкы бетине басылган мамлекет башчынын куттуктоосунда Орозонун касиети, бул майрамдын баалуулугу туурасында айтылып келип, азыркы ааламдашуу доорунда прогресс менен кошо бөтөн маданияттарды, жүрүм-турум образдардын, керек болсо кийимдерден бери таңуулоого жол ачылды, диний ишеним менен улуттук мданиятты, салттарды карама-каршы коюунун айынан бир улут ичинде, атгүл бир үй бүлөдө карама-каршылыктар күчөдү деп айтылып, мамлекеттердин коопсуздугуна, улуттук биримдик менен ынтымакка доо кетип жатат деп баяндалат.Тилекке каршы бул көрүнүштөн Кыргызстан да четте калбагандыгы, динди күчөтүп таңуулоо, башка ишенимдеги же атеист мекендештерибизди кемсинтүүлөр, коркутуулар болуп, акыркы кезде диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясий түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылышы  динчилдердин саясатка киришкенде эмне болорун азыркы күндө бир топ ара өлкөлөрүнөн көрүнүп жатат деп белгиленет. Куттуктоонун соңунда Ислам-тынчтыкка, ынтымакка данакер дин. Бул таңуулоого муктаж эмес, болгону ар ким ишенимге өз жолу менен келиши, Кудайды өз ыктыяры менен таанышы керек деп эсептейм деп белгилеген мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев.

Андан ары Коррупция жана “Кумтөр”деген аталышта көлөмдүү макала бар. Бул макала “ Кумтөр” долбооруна байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзамдын коомдук талкууга  коюлуп жатканына байланыштуу окурмандарды бул маселеде түшүнүп алуусуна мүмкүндүк берет. Макаладан экс-чоңдорду пара алууга ким үйрөткөнү , “Кумтөр” ишканасы 2007-жылы Кыргызстанга толугу менен өтмөктүгү, Хоменюктун каты, көп сырлардын башы экендиги, экологияны бузуу маселелери азыр эл аралык деңгээлде  тургандыгы туурасында түшүнүк аласыздар.

 Дагы бир расмий гезит “Кыргыз Туусу” да ар бир үй бакыт менен ырыскыга толсун! деген өлкө башчысынын куттуктоосунун алдында жарыкка чыкты. Ушул жерде КРнын Коргоо Кеңешинин жыйынан даярдалган макала бар. Бул жыйын президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өткөн. Реформалоо чечимин мамлекет башчы тарыхый  чечим катары баалап, жөнөкөй жарандар, бизнес менен инвестициялар мыйзамдын коргоосунда  болуусу үчүн укук коргоо органдары  системасын реформалоо мыйзамдуулукту бекемдөөгө тийиш деп,  экинчиден кабыл алынган чечимдер өлкө экономикасын өнүктүрүүгө түрткү бериши керектигин белгилеген. Жыйындын соңунда  укук коргоо органдар системасын реформалоо боюнча чаралар комплекси жактырылганы айтылат. Окуп кабардар болуңуз.  Макала “Укук коргоо органдарын реформалоо башталды” деп аталат. Андан ары президенттин иш күндөлүгүндөгү маалыматтар орун алган. Маалыматтар жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өлкө башчысынын берген мактоо баракчаларынын тапшыруу аземинен, Беларуссиянын Эгемендик күнүнө жиберген куттуктоосунан жазылды. Кыргыз Туусу пресс бурчу болсо, президент Алмазбек Атамбаевдин ыры интернетке жарыяланганы туурасында, кечээ АКШ эгемендигинин 240 жылдыгынын белгиленишин, “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту эс алуучуларды кабыл алып жатканы, Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө болуп шайланганы, Пакистанда суу ташкыны болгону , 28-июнда болгон Стамбул аба майданына жасалган чабуул жөнүндө, Багдадда каза болгондордун саны 160тан ашкандыгы  туурасында жазды.

Дагы бир маанилүү кыска маалыматты тааныштыра кетели. Бул кайсыл автоунаалардын терезелери караңгылана тургандыгы туурасында. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун бул боюнча койгон токтомуна ылайык КРнын президентинин, ЖКтин төрагасынын, премьер министрдин автоунааларына, КРнын президентинин кызматтык автоунаасын кайтарууну жана коштоону жүзөгө ашыруучу Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын, “Кыргыз инкассациясы” жабык акционердик  коомунун акчалай  каражаттарды жана баалуу жүктөрдү ташуу боюнча атайын траспортторуна , соттолгон жана камакка  алынган адамдарды ташуу  конвой менен алып жүрүү үчүн арналган атайын кызматтык транспорттук каражаттарына гана машинанын терезесин караңгылатууга улуксаат берилди. Бул сандан мындан тышкары өкмөттүн жыйынан даярдалган Аз пайыздуу кредит бар, алгылыктуу долбоор жок деген аталыштагы  кенен макаланы жана парламенттин 6-чакырлышынын биринчи сессиясынын жыйынтыкталышы туурсында ЖКтин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун берген маалымт жыйынан алынган Борбор Азиядагы ачык -айкын иш жүргүзгөн парламент деген аталыштагы макалага ортоктош болосуз. Ошондой эле эртең 6-июль Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү. Буга байланыштуу Назарбаев жана Астана деген макала да бар, көз жүгүртүп коюңуз.

Бүгүнкү “Фабула” эмнелерди жазды?  Коррупционерлер медакадемияны биротоло сатып жок кылышабы деген теманын алдында жарык көргөн. Мындай аталыштагы макала менен гезиттин 11-бетинен кабардар болосуз. Ошондой эле бүгүнкү сан суу кордогон кор болоор деп Казакстан өз башына муш тилебесе деген макаланы жайгаштырган. Андан ары Башкыпрокурор байкап коер бекен деген кулак кагыш бар.  Бул коңгуро Ысык көлдөгү атка минерлерди акыркы убакта прокуратура кызматкерлери жөнсүз эле текшерип жаткандыгы  туурасында кагылат.  Фабуланын пресс бурчу мындан сырткары Кара Балта спирт заводу сатылганы туруасында, Центерра эл аралык сотко кайрылганы туурасында, Кадыры калбаган кыргыз паспорту жөнүндөгү майда маалыматтрга орун берди. Ушул эле бетте маскарапоз деген аталышта "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов туурасында баш макала жазылган.  Жогорку Сотко жолдойбуз деген кабарда Уулунун өлүмүн саясатташтырган Умаровду тыйчу жан барбы деген көлөмдүү макала саясатташкан кырсык , уулунун өчүн күнөөсүз коңшусунан алгысы келеби, сот эмнеге создугууда, акыйкатка жетпеген атанын суранычы туурасында баяндайт. Бул санга саясатка келгениме эч өкүнбөйм, тескерисинче эрте келсем болмок деген аталышта ЖКтин депутаты Махабат Мавлянова маек курган. Эл өкүлдөрү кайда эс алышаары туурасында да гезит кызыгып көргөн. Буга катуу чарчаган Каныбек Иманалиев бул жөнүндө сурасак телефонгун өчүрүп салды деп, кереметтүү Ысык Көлдү чет өлкөдөн артык көргөн Арапбаевди, айылдан айланган Жамалдиновду, Артыков Бишкекте эле жүрөрүн, Сурабалдиеванын сууга түшкөнгө убактысы жок экенин, бош убакыт таба албай убара болгон Максат Сабиров деп, менде мындай "выпендрежь" жок деген Рыспаев эс албай иштеп жүргөнүн, жөнөкөйлүгү менен айырмаланган Саматовду белгилеп жазып коюшкан. Таанышып коюңуз. Башында белгилеген медакадемия туурасында Арзымбеков аттуу атуулдан “неужели, не удаться спасти медакадемию” деген орус тилиндеги макала орун алган. Бүгүнкү "Фабула" өлкө президентине кайрылган инсандардын катына орун берди. Биринчи кат Ассалому алейкум Ата мекенибиздин азамат уулдары, Алмазбек жана Чыныбай деп профессор, Абдыкадыр Садыковдон жана экинчи кат Сокулук районунун, Орок айыл өкмөтүнө караштуу Жал айылынын тургундарынан жазылган. Бул санга да Нуралы Капаровдун Мен билген Салижан Жигитов деген макаласы орун алды. Улантып окуп алыңыз.  

Таалайгүл Сыдыкбекова, “Биринчи радио”


Новости по дате